Difference between revisions of "«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ Бишкек ш-нын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеӊгенге 30 жыл толгонго карата 1975-ж. ачылган. Сов. Союз. Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко ж-а Г. А. Петренконун бюсттары, Кырг-ндык Сов. Союз. Баатырлары нын ж-а Даӊк орденинин толук кавалерлери нин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).