Difference between revisions of "АЭРОНОМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(аэро… ж-а гр. nomos ‒ закон) ‒ Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атм. физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физ. ж-а хим. кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атм. темп-раны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) ж. б. изилдейт. Атм-дагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы ж-а космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоӊ роль ойнойт. А. 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү ‒ Жердин үстүнкү атм-сын изилдеген англ Д. Р. Бейтс ж-а бельгиялык М. Николе болгон. А-нын милдети ‒ аталган маселелерди изилдөө м-н бирге алардын себептерин түшүндүрүү. А. эсептерин чыгаруу үчүн матем. ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу ж-а нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.