Difference between revisions of "АЭРОМАГНИТОМЕТР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ Жердин магниттик талаасын учма аппараттан ченөөчү прибор. Индукция принцибинде жасалган аэромагнито метрдин геомагнит талаасынын сезгич бөлүгү зым м-н оролгон айланып турчу рамадан турат. Жер магнетизминен рамада пайда болгон электр тогу магнит талаасынын өлчөмүн көрсөтөт. Аэромагниттик съёмкада колдонулуучу ферозонддуу анын иштеши магниттик каныгуу касиетине негизделген. Аэромагнитометрге самолёт тун электр-магниттик талаасы таасир этпес үчүн, анын сезгич бөлүгү самолёттун сыртына орнотулат, ал эми так өлчөөлөрдө ал 30‒50 м кабель (кермезым) м-н сүйрөтүлүп коюлат.