Difference between revisions of "АШТАРХАНИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

ж а н и д д е р ‒ Бухара хандарынын 1599‒1765-ж. бийлик жүргүзгөн династиясы, астрахань хандарынын тукумдары. А-дин бийлиги Бухарада Шейбаниддердин бийлиги кулатылган соӊ орнотулган. А-дин көрүнүктүү бийлөөчүлөрү: Имамкулихан (1611‒42), Убайдуллахан II (1702‒11). А-дин тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак ж-а калмактардын саясий күрөштөрү м-н тыгыз байланыштуу. Айрым бир тарыхый маалыматтар да алардын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжыра сы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730‒31) А-де таасирлүү бийликтеги Назар бий ж-а анын уулу Хосров бек буруттар (кыргыздар) болгондугу эскерилет. Бухара хандыгынын тактысына маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим аталыктын отурушу м-н А-дин бийлиги аяктаган.