Difference between revisions of "АМАДУ Жоржи"
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМАДУ''' Жоржи (10. | '''АМАДУ''' '''Жоржи''' (10.08.1912, Пиранги – 06. 08. 2001, Сальвадор шаары) – бразилиялык жазуучу, коомдук <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> саясий ишмер. Бразилия жумушчу кыймылынын активдүү катышуучусу. Рио-де-Жанейродо юридикалык факультетте окуган. 1961-жылдан Бразилия академиясына мүчө. «Какао» (1933), «Тер»(1934) романдарында кедей-дыйкандардын аң-сезиминин ойгонушун чагылдырган. «Учу-кыйырсыз жерлер» (1943), «Сан Жоржи дос Ильеус» (1944) аттуу роман-экилтигинде, «Кызыл үрөндөр» (1946), «Азаттык подпольеси» (1952), «Түн күзөтчүлөрү» (1964) жана башка повесттери <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> аңгемелеринде революциячыл маанайды, эмгекчилердин турмушун, күрөшүн, образдарын реализм позициясынан чагылдырган. «Тентиген кыздын кайта келиши» (1977) аттуу романы бар. Анын чыгармалары дээрлик бардыгы орус тилине которулган. Эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1951). | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
14:50, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку версиясы
АМАДУ Жоржи (10.08.1912, Пиранги – 06. 08. 2001, Сальвадор шаары) – бразилиялык жазуучу, коомдук жана саясий ишмер. Бразилия жумушчу кыймылынын активдүү катышуучусу. Рио-де-Жанейродо юридикалык факультетте окуган. 1961-жылдан Бразилия академиясына мүчө. «Какао» (1933), «Тер»(1934) романдарында кедей-дыйкандардын аң-сезиминин ойгонушун чагылдырган. «Учу-кыйырсыз жерлер» (1943), «Сан Жоржи дос Ильеус» (1944) аттуу роман-экилтигинде, «Кызыл үрөндөр» (1946), «Азаттык подпольеси» (1952), «Түн күзөтчүлөрү» (1964) жана башка повесттери менен аңгемелеринде революциячыл маанайды, эмгекчилердин турмушун, күрөшүн, образдарын реализм позициясынан чагылдырган. «Тентиген кыздын кайта келиши» (1977) аттуу романы бар. Анын чыгармалары дээрлик бардыгы орус тилине которулган. Эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1951).