Difference between revisions of "АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА"
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА''' – калыбына келүүчү энергия булактары | '''АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА''' – калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндө жалпы түшүнүк. Бүгүнкү күндө адамзат коому шарттуу түрдө пайдаланып келе жаткан (калыбына келбөөчү) энергия булактары (көмүр, нефть, жыгач отуну жана башка) 90% кубаттуулукту берет. Альтернативалык энергетика булактары – Күн энергиясын, геотермалдык энергияны, шамал жанa гидроэнергияны, биомассаны, жылуулук шилендилерин жана башка табигый калыбына келүүчү энергия булактарын камтыйт. Автотранспорт колдонгон нефть продукцияларынын (бензин жана башка) чөйрөгө тийгизген таасирин азайтыш үчүн алардын ордуна табигый газдар же болбосо спирт бирикмелерин (метанол, этанол жана башка) колдонуу жүзөгө ашырылат. Альтернативалык энергетика көбүнчө экологоиялык «таза» энергия булагы деп эсептелинет. | ||
''А.Конушбаева.''<br> | ''А.Конушбаева.''<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
09:45, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку версиясы
АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА – калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндө жалпы түшүнүк. Бүгүнкү күндө адамзат коому шарттуу түрдө пайдаланып келе жаткан (калыбына келбөөчү) энергия булактары (көмүр, нефть, жыгач отуну жана башка) 90% кубаттуулукту берет. Альтернативалык энергетика булактары – Күн энергиясын, геотермалдык энергияны, шамал жанa гидроэнергияны, биомассаны, жылуулук шилендилерин жана башка табигый калыбына келүүчү энергия булактарын камтыйт. Автотранспорт колдонгон нефть продукцияларынын (бензин жана башка) чөйрөгө тийгизген таасирин азайтыш үчүн алардын ордуна табигый газдар же болбосо спирт бирикмелерин (метанол, этанол жана башка) колдонуу жүзөгө ашырылат. Альтернативалык энергетика көбүнчө экологоиялык «таза» энергия булагы деп эсептелинет.
А.Конушбаева.