Difference between revisions of "АЦЕТАЛЬДЕГИД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 у к с у с а л ь д е г и д и, СН3СНО ‒ кескин жыттуу, түссүз суюктук . Мол. масса 44; б. эрүү t 124°С; кайноо t 20,8°C; cуу, спирт, эфир м-н бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегиддерге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оӊой кирет: 2СН3СНО ® СН3‒ СН(ОН) ‒СН2‒СНО. Минерал к-таларынын катышуусунда суюк паральдегидге (СН3 СНО)3 ж-а метальдегидге (СН3СНО) 4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт к-тасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Ал сымап тузунун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу жолу м-н алынат (к. Кучеров реакциясы ). Уксус к-тасын, уксус ангидридин, бутадиенди, ацетальдолду, жасалма чайырларды ж. б. алууда колдонулат.