Difference between revisions of "АНАНЬЕВ Николай Яковлевич"
м (→top: категория кошуу) |
|||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНАНЬЕВ Николай Яковлевич''' [19. 11. 1912, Ысык-Көл | '''АНАНЬЕВ Николай Яковлевич''' [06 (19). 11. 1912, [[Россия империясы]], [[Жети-Суу]] (азыркы [[Ысык-Көл]]) облусу, Сазановка кыштагы (азыркы [[Ананьев]]) – 16. 11. 1941, [[РСФСР]], [[Москва облусу]], [[Волокаламск]] району, [[Дубосеково]] темир жол айрыгы] – [[Советтер Союзунун Баатыры]] (1942). 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин Ысык-Көл районундагы Сазановка кыштагында колхозчу болуп иштеген. Фронтто Н. Я. Ананьев Батыш фронтуна (командиир армиянын генералы Г. К. [[Жуков]]) караштуу 316-аткычтар дивизиясынын (командири гвардиянын генерал-майору И. В. [[Панфилов]]) 1075-аткычтар полкунун (командири полковник И. В. Капров) алдындагы 4-ротада катардагы жоокер катары кызмат кылган. Полк [[Москва шаары]]н баатырдык <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> немецтик-фашисттик баскынчылардан коргоп калган.[[File:АНАНЬЕВ 2_68.png | thumb|none]] | ||
1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир жол | 1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы атактуу 28 панфиловчулардын катарында Дубосеково темир жол айрыгын коргоо учурунда эрдик көрсөтүп, курман болгон. Сөөгү Нелидов кыштагына жакын жерге коюлган. Н. Я. Ананьев туулган жер 1942-жылдан ''Ананьев'' кыштагы деп аталат. | ||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
07:09, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку версиясы
АНАНЬЕВ Николай Яковлевич [06 (19). 11. 1912, Россия империясы, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, РСФСР, Москва облусу, Волокаламск району, Дубосеково темир жол айрыгы] – Советтер Союзунун Баатыры (1942). 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин Ысык-Көл районундагы Сазановка кыштагында колхозчу болуп иштеген. Фронтто Н. Я. Ананьев Батыш фронтуна (командиир армиянын генералы Г. К. Жуков) караштуу 316-аткычтар дивизиясынын (командири гвардиянын генерал-майору И. В. Панфилов) 1075-аткычтар полкунун (командири полковник И. В. Капров) алдындагы 4-ротада катардагы жоокер катары кызмат кылган. Полк Москва шаарын баатырдык менен немецтик-фашисттик баскынчылардан коргоп калган.
1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы атактуу 28 панфиловчулардын катарында Дубосеково темир жол айрыгын коргоо учурунда эрдик көрсөтүп, курман болгон. Сөөгү Нелидов кыштагына жакын жерге коюлган. Н. Я. Ананьев туулган жер 1942-жылдан Ананьев кыштагы деп аталат.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.
