Difference between revisions of "АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ"
433-496>KadyrM |
|||
| (10 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ'''– [[Араб халифаты]]нын (VII–XI) баскынчыл согуштук аракеттеринин бир бөлүгү. [[Мухаммед пайгамбар]] көз жумгандан кийин (632) [[халиф]] шайланган [[Абу-Бакр]] (573–634) [[Византия]] (395–1453) жана [[Сасаниддер]]дин империяларын (224–651) басып алуу үчүн араб жортуулдарын баштаган. Анын мындай саясатын кийинки халиф (634–644) Омар ибн ал-Хаттаб улантып, 636-жылы Кадистеги алгачкы салгылашууда перстердин колу жеңилип калган. 642-жылы Нехавенддеги согушта перстер толук талкаланып, империянын батышы арабдардын колуна өткөн. Ошол эле жылы арабдар Сакастан (азыркы [[Иран]] жана [[Афганстан]]) аймагын басып алганда, сасандардын шахы (632/33–651/52) Йездигерд III [[Орто Азия]]га качып, [[Мерв]] шаарына жакын жерден каза болгон. 651-жылы Хорасан, 652-жылы Тохаристан арабдардын колуна өткөн. 705-жылдан баштап арабдар Аму-Дарыянын чыгышына (кара: [[Мавераннахр]]) коркунуч туудура баштаган. [[Түргөш кагандыгы]]нын (704–756) экинчи каганы (706–11, кээ бир маалыматта 716), [[Сакал]] (кытай иероглифи боюнча «sak-kât, saqal» – Согэ) 706-жылы түрк-согдулардан коалиция түзүүгө аракет кылган, бирок [[Кутейба ибн Муслим]]ге (669–715) ишенген согдулардын падышасы Тархун [[түрктөр]]дүн жардамынан баш тарткан. Натыйжада түрктөр жеңилип, 709-жылы [[Бухара]] шаары арабдарга караган. 712-жылы [[Хорезм]]ди караткандан кийин Кутейба [[Согду]]ну (713), [[Үргөнч]]тү (720) каратып, [[Сыр-Дарыя]]га жеткен. 739–740-жылдары арабдар Шашты ([[Ташкент]]) алып, [[Фергана]]нын түндүгүн ээлеген. 751-жылы июлда [[Талас өрөөнү]]ндөгү Атлах шаарынын жанында [[Тан династиясы]]нын (618–907) аскерлери менен Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн (кара: [[Атлах салгылашуусу]]). Согуштун жүрүшүндө карлук ж. б. жергиликтүү элдердин колдоосу менен арабдар жеңишке жетип, Тан аскери чоң жоготууларга учураган. 812–817-жылдары арабдар Фергананын борбору Касанды басып алган. 875-жылы халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавераннахрдагы бардык провинцияларга наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр жана Фергана аймагы толугу менен Араб халифатына караган. [[Караханиддер]]дин мезгилинде 960-жылы [[ислам]] дини мамлекеттик дин деп жарыяланып, атайын мыйзам менен бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык жана рухий маданиятынын элементтери жергиликтүү элдерге таркаган. Ошол эле учурда жергиликтүү элдер да араб маданиятынын (кара: [[Араб маданияты]]) калыптануусуна зор таасирин тийгизген. | |||
арабдар | |||
аскерлери | |||
колдоосу | |||
басып алган. 875- | |||
наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр | |||
деп жарыяланып, атайын мыйзам | |||
элдер да араб | |||
калыптануусуна зор таасирин тийгизген. | |||
Ад.: Гумилев Л.Н. Древные тюрки. М., 1993. Ислам. Энциклопедия. А., 1995; Ирмияева Т. Ю. История мусульманского мира. От Халифата до Блистательной Порты. Урал, 2000; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Кляшторный С. Г. Степные империи: рождение, триумф, гибель. //Степные империи древней Евразии. СПб: 2005.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
13:24, 2 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку версиясы
АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ– Араб халифатынын (VII–XI) баскынчыл согуштук аракеттеринин бир бөлүгү. Мухаммед пайгамбар көз жумгандан кийин (632) халиф шайланган Абу-Бакр (573–634) Византия (395–1453) жана Сасаниддердин империяларын (224–651) басып алуу үчүн араб жортуулдарын баштаган. Анын мындай саясатын кийинки халиф (634–644) Омар ибн ал-Хаттаб улантып, 636-жылы Кадистеги алгачкы салгылашууда перстердин колу жеңилип калган. 642-жылы Нехавенддеги согушта перстер толук талкаланып, империянын батышы арабдардын колуна өткөн. Ошол эле жылы арабдар Сакастан (азыркы Иран жана Афганстан) аймагын басып алганда, сасандардын шахы (632/33–651/52) Йездигерд III Орто Азияга качып, Мерв шаарына жакын жерден каза болгон. 651-жылы Хорасан, 652-жылы Тохаристан арабдардын колуна өткөн. 705-жылдан баштап арабдар Аму-Дарыянын чыгышына (кара: Мавераннахр) коркунуч туудура баштаган. Түргөш кагандыгынын (704–756) экинчи каганы (706–11, кээ бир маалыматта 716), Сакал (кытай иероглифи боюнча «sak-kât, saqal» – Согэ) 706-жылы түрк-согдулардан коалиция түзүүгө аракет кылган, бирок Кутейба ибн Муслимге (669–715) ишенген согдулардын падышасы Тархун түрктөрдүн жардамынан баш тарткан. Натыйжада түрктөр жеңилип, 709-жылы Бухара шаары арабдарга караган. 712-жылы Хорезмди караткандан кийин Кутейба Согдуну (713), Үргөнчтү (720) каратып, Сыр-Дарыяга жеткен. 739–740-жылдары арабдар Шашты (Ташкент) алып, Фергананын түндүгүн ээлеген. 751-жылы июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарынын жанында Тан династиясынын (618–907) аскерлери менен Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн (кара: Атлах салгылашуусу). Согуштун жүрүшүндө карлук ж. б. жергиликтүү элдердин колдоосу менен арабдар жеңишке жетип, Тан аскери чоң жоготууларга учураган. 812–817-жылдары арабдар Фергананын борбору Касанды басып алган. 875-жылы халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавераннахрдагы бардык провинцияларга наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр жана Фергана аймагы толугу менен Араб халифатына караган. Караханиддердин мезгилинде 960-жылы ислам дини мамлекеттик дин деп жарыяланып, атайын мыйзам менен бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык жана рухий маданиятынын элементтери жергиликтүү элдерге таркаган. Ошол эле учурда жергиликтүү элдер да араб маданиятынын (кара: Араб маданияты) калыптануусуна зор таасирин тийгизген.
Ад.: Гумилев Л.Н. Древные тюрки. М., 1993. Ислам. Энциклопедия. А., 1995; Ирмияева Т. Ю. История мусульманского мира. От Халифата до Блистательной Порты. Урал, 2000; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Кляшторный С. Г. Степные империи: рождение, триумф, гибель. //Степные империи древней Евразии. СПб: 2005.