Difference between revisions of "АНАУ МАДАНИЯТЫ –"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: ж-а → жана (2))

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНАУ МАДАНИЯТЫ''' ''энеолит'' жана ''коло дооруна'' (б. з. ч. 5–3-миң жылдык) таандык археол. мад-т.-- Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал мадка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-ж., кийин амер. геолог Р. Пампелли 1904-ж., немец археологу Г. Шмидт ж. б.изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Бул археол. табылгалар О. Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар А. мад-тын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау мад-тынын 30га жакын эстелиги белгилүү.

'''АНАУ МАДАНИЯТЫ''' ''энеолит'' жана ''коло дооруна'' (биздин заманга чейинки 5–3-миң жылдык) таандык археологиялык  маданият. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал маданиятка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-жылы, кийин америкалык геолог Р. Пампелли 1904-жылы, немец археологу Г. Шмидт жана башкалар изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар жана башкалар табылган. Бул археологиялык табылгалар Орто Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар Анау маданиятын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау маданиятынын 30га жакын эстелиги белгилүү.

[[Категория:1-Том]]

12:50, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АНАУ МАДАНИЯТЫэнеолит жана коло дооруна (биздин заманга чейинки 5–3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал маданиятка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-жылы, кийин америкалык геолог Р. Пампелли 1904-жылы, немец археологу Г. Шмидт жана башкалар изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар жана башкалар табылган. Бул археологиялык табылгалар Орто Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар Анау маданиятын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау маданиятынын 30га жакын эстелиги белгилүү.