Difference between revisions of "АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ –''' байыркы Хорезм чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (б. з. ч. 9–7-кылым) таандык археологиялык  маданият. 1937–40-жылдарда Кара-Калпакстан Республикасынын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов Амирабад  маданияты деп өзүнчө бөлгөн. Амирабад маданиятынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган Амирабад маданиятына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.

'''АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ –''' байыркы Хорезм чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (издин заманга чейинки IX–VII кылымдар) таандык археологиялык  маданият. 1937–1940-жылдарда Кара-Калпакстан Республикасынын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов Амирабад  маданияты деп өзүнчө бөлгөн. Амирабад маданиятынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган Амирабад маданиятына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.

[[Категория:1-Том]]

11:38, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ – байыркы Хорезм чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (издин заманга чейинки IX–VII кылымдар) таандык археологиялык маданият. 1937–1940-жылдарда Кара-Калпакстан Республикасынын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов Амирабад маданияты деп өзүнчө бөлгөн. Амирабад маданиятынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган Амирабад маданиятына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.