Difference between revisions of "АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (5)) |

| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ''' ‒ | '''АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ''' ‒ биздин заманга чейинки 1-миӊ жылда ‒ биздин замандын XIII‒XIV кылымдарына мүнөздүү археологиялык эстелик. Нарын шаарынан 6''км'' батыш тарапта, Нарын дарыясынын оӊ өйүзүндө, Ала-Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. 125тен ашуун таш дөбө-мүрзөдөн турат. Көрүстөндөгү адамдын сөөктөрү топурак жана казанактуу көрлөргө коюлган. Сөөктү көмөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган көрүстөн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 ''см ''тереӊдикте үзөӊгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуӊкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу жана көрүстөндүн бир жерине чуӊкурча казып, буюм жашыруу енисейлик кыргыздарга мүнөздүү салт. Окумуштуулардын пикири боюнча енисейлик жана теӊиртоолук кыргыздардын маркумду көмүү салтындагы айрым элементтеринин окшоштугу алардын этномаданий жалпылыгынан кабар берет. Байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар жана алар орнотулуучу төрт чарчы таш коргончолор бар. Ала-Мышык көрүстөнүн 1945‒1949-жылдары ''А. Н.'' ''Бернштам'' , 1954-жылы ''А. К.'' ''Кибиров'' , 1989-жылы ''К. Ш. Табалдиев'' жана Ю. С. ''Худяковдор'' изилдешкен.

''К. Табалдиев.''
| ''К. Табалдиев.''

[[Категория:1-Том]] | |||
10:32, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы
АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ ‒ биздин заманга чейинки 1-миӊ жылда ‒ биздин замандын XIII‒XIV кылымдарына мүнөздүү археологиялык эстелик. Нарын шаарынан 6км батыш тарапта, Нарын дарыясынын оӊ өйүзүндө, Ала-Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. 125тен ашуун таш дөбө-мүрзөдөн турат. Көрүстөндөгү адамдын сөөктөрү топурак жана казанактуу көрлөргө коюлган. Сөөктү көмөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган көрүстөн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереӊдикте үзөӊгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуӊкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу жана көрүстөндүн бир жерине чуӊкурча казып, буюм жашыруу енисейлик кыргыздарга мүнөздүү салт. Окумуштуулардын пикири боюнча енисейлик жана теӊиртоолук кыргыздардын маркумду көмүү салтындагы айрым элементтеринин окшоштугу алардын этномаданий жалпылыгынан кабар берет. Байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар жана алар орнотулуучу төрт чарчы таш коргончолор бар. Ала-Мышык көрүстөнүн 1945‒1949-жылдары А. Н. Бернштам , 1954-жылы А. К. Кибиров , 1989-жылы К. Ш. Табалдиев жана Ю. С. Худяковдор изилдешкен.
К. Табалдиев.