Difference between revisions of "АКАДЕМИЗМ"
м (→top: категория кошуу) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИЗМ''' ( | '''АКАДЕМИЗМ''' (французча akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы ''көркөм сүрөт академиялары'' болгон көркөм багыт. Алгачкы академизм ''маньеризмге'' каршы туруу менен антикалык жана ''Кайра жаралуу'' искусствосунун үлгүлөрүн бекемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы ''Рафаэль'' менен ''Микеланжелонун'' чыгармачылыгы болгон. Кийин академизм салтты сактоого жана бул негизде профессионал мектепти түзүүгө байланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. Академизм булактары – 1585‑жылы ченде ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья академиясынын ишмердигинде. Живопись жана айкелдин Королдук академиясынын ачылышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байланышкан. XVII‑XVIII кылымдарда тарыхый жана мифтик негизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. Академизм искусствосунун өнүгүүсүн кечеңдетүүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. XIX кылымдын 1-жарымында ага ''романтизм,'' кийин ''реа­лизм'' каршы болгон; 2) балет тарыхында «академизм» жана «академиялык бий» терминдери XIX кылымдын жарымында Францияда, Италияда жана Россияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье жана А. Сен‑Леондун балеттеринде академизм ири бий формаларынын (гранпа, пад’аксьон, па‑де‑де) жана алардын элементтеринин (вариациялар, ''адажио,'' кода) турукташуусу жана алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу менен мүнөздөлөт. Академизм жетишкендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спектаклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк жана орус мектебинин үлгүсүндө кыргыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.

[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
17:46, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы
АКАДЕМИЗМ (французча akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы академизм маньеризмге каршы туруу менен антикалык жана Кайра жаралуу искусствосунун үлгүлөрүн бекемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль менен Микеланжелонун чыгармачылыгы болгон. Кийин академизм салтты сактоого жана бул негизде профессионал мектепти түзүүгө байланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. Академизм булактары – 1585‑жылы ченде ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья академиясынын ишмердигинде. Живопись жана айкелдин Королдук академиясынын ачылышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байланышкан. XVII‑XVIII кылымдарда тарыхый жана мифтик негизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. Академизм искусствосунун өнүгүүсүн кечеңдетүүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. XIX кылымдын 1-жарымында ага романтизм, кийин реализм каршы болгон; 2) балет тарыхында «академизм» жана «академиялык бий» терминдери XIX кылымдын жарымында Францияда, Италияда жана Россияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье жана А. Сен‑Леондун балеттеринде академизм ири бий формаларынын (гранпа, пад’аксьон, па‑де‑де) жана алардын элементтеринин (вариациялар, адажио, кода) турукташуусу жана алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу менен мүнөздөлөт. Академизм жетишкендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спектаклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк жана орус мектебинин үлгүсүндө кыргыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.