Difference between revisions of "ИРАК"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИРА́К , И р а к Р е с п у б л и к а с ы (Аль- Жумхурия аль-Иракия) – Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет, Месопотамияда. Түндүгүнөн Түркия, чыгышынан Иран, батышынан Иордания ж-а Сирия, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Сауд Арабиясы, түш.-чыгышынан Кувейт, батышынан Иордания м-н чектешет; түш.-чыгышын Перс булуңу чулгайт. Аянты 435 миң км2; И-тын курамына И. м-н Сауд Арабиясынын ортосундагы бейтарап аймактын 3,5 миң км2 жери
кирет. Калкы 34,8 млн (2008). Борбору – Багдад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – И. динары. Адм.-айм. жактан 18 мухафазага бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица барИ. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК; 1960), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945); Ислам конф-ясы уюмунун (1975) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И – федерациялык
мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Конституциясы 2005-ж. кабыл
алынган. Мамлекет башчысы – президент (4 жылдык мөөнөткө парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Өкүлдөр кеңеши ж-а Кеңештер союзу) таандык. Мыйзам
чыгаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Жерг. башкарууну мухафазаларда губернаторлор жүргүзөт. Сот системасы адат, диний (шарият) ж-а атайын (рев-ялык) соттордон турат. Конституциясы исламды мамлекеттин расмий дини ж-а мыйзамдуулуктун негизги булагы катары жарыялаган. Конституция б-ча исламдын негизги нормаларына каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбайт.
Саясий партиялары: И. Ислам рев-ясынын жогорку кеңеши, «Ислам чакырыгы» («Даава»), Араб соц. кайра жаралуу партиясы, Ирак коммунисттик партиясы, Күрдстан демократиялык партиясы ж. б.
Табияты
. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн Месопотамия ойдуңу ээлейт. Түн.-батышында Жезире платосу, батышында Сирия чөлүнүн анча бийик эмес бөксө тоосу жайгашкан. Түндүгүндө ж-а түн.-чыгышында Армян, Иран тайпак тоолорунун (бийикт. 3598 мге чейин, Иран м-н чектешкен жерде) тармактары жатат. Климаты түн. бөлүгүндө субтропиктик континенттик. Мосулда январдын орт. темп-расы 7°С, июлдуку 34°С, түштүгүндө жайкысын 50°Сге чейин ысыйт.
Өлкөнүн түш. бөлүгүндө тропиктик континенттик; январдын орт. темп-расы 12°С, августтуку 34°С, эң ысыганда 48°Сге чейин (Басрада) жетет. Жылдык жаан-чачыны тоолуу аймагында 500–1500 мм, түш.-чыгышында 50–150 мм. Жаан-чачындын басымдуу бөлүгү декабрдан апрелге чейин жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө чаңдуу бороон болуп турат. Негизги дарыялары: Евфрат м-н Тигр (төмөнкү агымдарында кошулуп Шатт-эль-Араб д-н түзөт). Өлкөнүн чөлдүү жерлеринде вади (мезгил-мезгили м-н суу аккан нуктар) көп. Жарым чөл ж-а талаа, түштүгү м-н батышында чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Дарыя бойлорунда галерея токою, курма пальмасы өсөт. Токой И-тын аймагынын 20%ин ээлейт. И. кен байлыктарга бай; а. и. нефтинин, газдын, битумдун ж-а асфальттын запасы мол. Нефтинин ири запастары – Киркук м-н Ханакиндин тегерегинде, Басранын түштүгүндө, Мосулга жакын жайгашкан. Күрөң көмүр (Киркук, Заху айланасында, Хамрин тоосунда), кайнатма туз (Багдадга жакын), темир (Сулайман тоосунда), жез, күкүрт, битум (Мосулга жакын), курулуш материалдарынын (мрамор, акиташ, кварцтуу кум, доломит, гипс, чопо ж. б.) кендери арбын. О. эле күмүш, коргошун, цинк, хром, марганец, урандын кендери да табылган.
Месопотамиянын суу-саздак ландшафты – ирак камыш короолулары ж-а бадалча таркылдагы (И. эндемиги) уялоочу, о. эле сууда сүзүүчү көптөгөн сейрек учуроочу куштар кыштоочу дүйнөдөгү жалгыз аймак. Орнитофаунанын курамына куштардын 400гө жакын түрү кирет, анын 170тен ашык түрү – уялоочу куштар. Алардын көбү 20-к-дын ортосунда жерди кургатуу иш-чараларынан, о. эле согуштан жапа тарткан. И-тагы коргоого алынган 8 аймак 541 га жерди ээлейт. Орнитофаунанын өтө ар түрдүүлүгүн коргоодо Месопотамиянын ландшафтынын баалуулугун эске алып, Куштарды коргоо б-ча эл аралык союз И-тын аймагында эл аралык маанидеги 42 негизги орнитол. аймакты белгилеген.
Калкы
. И-тын калкынын басымдуу бөлүгүн (71,3%) араб-ирандыктар түзөт. Өлкөнүн түн.- чыгышында күрддөр (14%тейи), түндүгүндө езиддер (2%), ассириялыктар (1,2%) жашайт, өлкө калкынын 5,3%и азербайжандар; о. эле египеттик арабдар, палестиналыктар, фарстар, түркмөндөр ж. б. жашайт. Мамл. дини – ислам (калктын 97%и). Калктын табигый өсүүсү 2,6% (2007); төрөлүү (1000 адамга 31,4 бала туура келет) өлүм-житимден (5,3) дээрлик 6 эсе ашык. 15ке чейинки балдар калктын 39,4%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 57,6%ин, 65 жаштан ашкандар 3%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орт. уз. 69,3 (эркектердики – 68, аялдардыкы – 70,6). Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 80,2 адам туура келет; калктын көбү Тигр, Евфрат, Шаттэль-Араб д-нын өрөөндөрүндө ж-а тоо этектеринде отурукташкан. Шаар калкы – 67% (2005). Ири шаарлары (2008): Багдад (калкы 6432 миң, шаар айланасы м-н 10 634 миң), Мосул (2595
миң), Басра (1862 миң, шаар айланасы м-н 3803 миң), Эрбиль (1628 миң), Сулеймания (1201 миң), Киркук (676 миң), Эн-Нажаф (615 миң).
Тарыхы
. Азыркы И. (Кош өзөн же Месопотамия) цивилизациянын эң эзелки очогунун бири. Байыркы убакта анда Шумер ж-а Аккад кул ээлик шаар-мамлекеттери, Вавилония, Ассирия ж. б. пайда болгон. Б. з. 3-к-нан Сасаниддерге, 7-к-дан арабдарга караган. 16-к-дан 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) бүткөнчө Осмон империясынын карамагында болгон. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында нефть табылгандыктан, өлкө мамле-
кеттер арасында талаш аймакка айланып, 1- дүйнөлүк согуш учурунда аны англ. аскерлер басып алат. 1921-ж. Улуу Британияга көз каранды Ирак королдугу түзүлгөн. И-та боштондук кыймылы күч алып, натыйжада 1930-ж. И. м-н Улуу Британиянын ортосунда түзүлгөн келишим б-ча формалдуу түрдө болсо да, И. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат. Иш жүзүндө Улуу Британия өлкөдө стратегиялык, экон. ж-а маанилүү саясий өңүттөрүн сактап калат. 1958-ж. февралда Ирак Иордания м-н Араб союзу федерациясын түзгөн, бирок 1958-ж. 14-июлда аскердик төңкөрүштөн соң, король
өлтүрүлүп, монархия кулаган. Ошол эле жылдын 15-июлунда И. республика деп жарыяланып, англ. согуштук базалар жоюлуп, социал.-экон. реформалар жүргүзүлө баштаган.
Өлкө бир нече ирет мамл. төңкөрүштү башынан өткөргөн. 1979-жылдын аяк ченинде Иран м-н мамилелердин курчушу, 1980–88-жылдардагы Иран-Ирак согушунун чыгышына өбөлгө түзгөн. 1988-ж. эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. 1990-ж. 28-августта И. Кувейтти өзүнүн 19-провинциясы деп жарыялап, күч м-н басып алган. 1991-ж. январь–февралда АКШ ж-а анын союздаштары жүргүзгөн
«Чөлдөгү бороон» операциясынын натыйжасында И. Кувейттен чыгарылган. Ушул эле жылы БУУнун чечими м-н И-ка каршы соода-экон. санкция кабыл алынып, И-ка блокада жарыяланган. 2000-ж. Саддам Хусейн БУУ м-н мамилесин бузуп, И-тан эл аралык инспекторлорду
чыгарып жиберген. 2003-ж. март айында АКШ м-н Улуу Британия И-ка каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп («Ирактын эркиндиги» операциясы), өлкөнүн аймагын борбор калаасы м-н бирге ээлеп алган. И-ты башкаруу үчүн убактылуу коалициялык бийлик түзүлгөн. 2004-ж. бийликтин И-тын Убактылуу өкмөтүнө формалдуу түрдө өткөрүп берилиши, Саддам Хусейндин өлүм жазасына тартылышы өлкөдө шиит, суннит ж-а күрддөрдүн ортосунда карама-каршылыктарды ого бетер күчөткөн.
Чарбасы
. И-тын экономикасынын негизин нефть казып алуу ж-а аны иштетүү түзөт. Анын запасы б-ча (дүйнөлүк запастын 11%и) Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда. Нефть 1979-ж. эң көп (175 млн т) казылып алынган. Иран–Ирак согушу башталганга чейин нефтини экспорттоодон түшкөн киреше жылына 21–26 млрд долларга жеткен. 1958-жылдан кийин агр. реформа жүргүзүлүп (жер ээликтерге чек коюлган, калгандарын мамлекет сатып алган), банк, камсыздоо коомдору, ири ө. ж. ж-а соода ишканалары мамлекеттештирилип, мамл. сектор түзүлгөн (а. и. Ирак улуттук нефть компаниясы, 1964). И-тагы согуш ж-а 12 жылга созулган эл аралык санкция өлкөнүн социал.-экон. инфраструктурасына өтө зор терс таасирин тийгизди. Ө. ж. дээрлик кыйраган, а. ч. ж-а тейлөө чөйрөсү көп залал тарткан. 2006-ж. ИДП 50,7 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллардан туура келет. ИДПдеги ө. ж-нын үлүшү 66,6%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,1%, а. ч-ныкы 7,3%. Суткасына 2,13 млн баррель нефть казып алынат. Иштетилүүчү кендеринин негизгилери өлкөнүн түндүгүндө (Киркук, Мосул) ж-а түш.-чыгышын-
да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймактарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 з-д, нефть-химия ө. ж. ишканалары иштейт.
2006-ж. 1,75 млн м3 табигый газ, 34,6 млрд кВт.с
электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Цемент, машина куруу (а. и. аккумулятор, желдеткич, кондиционер, транспорт жабдуулары да бар), тамак-аш алкаголсуз ичимдиктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, тамеки, кагаз ө. ж. тармактары өнүккөн; о. эле фосфорит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индустриялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул ш-нын чегинде жайгашкан.
Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн аймагынын 27%ке жакынын түзөт, анын 1/ и сугатка муктаж. 1980-жылдарга карата азыктүлүккө болгон муктаждыгын өзү толук камсыз кылган; 1990-жылдардан баштап а. ч. өндүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-к-дын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорттон толукталат. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: арпа, буудай, о. эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (томат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашкабак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бакчылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүмчүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин И. – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө болгон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түштүгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоолуу аймактарда ж-а батышындагы жарым
чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.
Тейлөө чөйрөсүнө Борб. банк, 7 мамл. коммерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздуктун камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок болду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.
И-тын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы уз. 45,5 миң км (а. и. 38,8 миң кми асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иорданиянын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды
өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган
шоссе. Т. ж-нун уз. 2272 км (2006); негизги т. ж-дору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мосул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. И-тын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Румайла (түш.-чыгышында) нефть промыселдеринен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жерлерге, Перс булуңунун портторуна нефть куурлары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы уз. 5,5 миң км, нефть продукту куурунуку 1,6 миң км, газ куурунуку 2,2 миң км (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймактары аркылуу өткөн куур м-н И. нефтисин Кызыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жеткирип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун уз. 5279 м; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) д-нда кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад ш-нда эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль ш-нда ири аэропорттор бар. Негизинен нефть, о. эле курма, булгаары сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, ө. ж. товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Сирия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Испания.
Маданияты
. Калктын 80%ке жакыны билимдүү. 1959-ж. милдеттүү башталгыч билим берүү ж-дө мыйзам кабыл алынып, анда балабакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу каралган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түн.
Ирак акчасы.