Difference between revisions of "ИОН БУЛАГЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИО́Н БУЛАГЫ – вакуумда иондордун багыттуу агымы алынуучу түзүлүш. И. б. – заряддалган бөлүкчөнү ылдамдаткыч, иондук микроскоп, термоядролук синтез ж-а изотопту бөлүп алуу­чу орнотмо ж. б. түзүлүштөрдүн негизги бөлүгү.
Плазмалуу И. б. өтө кеңири тараган. Жогорку тыгыздыктагы иондуу токтун И. б. д у о п­л а з м а т р о н деп аталат. Мында иондошту­руу деңгээлин жогорулатууда, диафрагманын ж-а магнит талаасынын жардамы м-н плазма кысылат. Газды иондоочу электрондор магнит Көп разряддуу иондордун И. б. энергиясы ж-а тыгыздыгы жогору электрон агымы көзөп өтүүчү көлөмдөгү ионду көпкө кармап тургандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Катуу нерсени кубаттуу лазер нуру м-н нурлантканда пайда болгон плазма да көп заряддуу И. б. болот.