Difference between revisions of "ИНФРАҮН"
Jump to navigation
Jump to search
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНФРАҮН (лат. infra – төмөн, астында) – адам кулагына угулбаган төмөнкү жыштыктагы (16 Гцтен аз) серпилгичтүү толкундар. Чоң амплитудалуу И. кулакты оорутат. И. деңиз толкунунун шарпылдашынын ж-а атмосфера чуусунун курамына кирет. И. булагы – атмосфера м-н шамалдын турбуленттүүлүгү (баш аламан, куюн түрүндө), чагылган разряды, жарылуу, атылуу, жер алдындагы силкинүү ж. б. түрдүү чөйрөдө начар жутулгандыктан, И. алыска тарайт. Бул касиети алыстагы күчтүү жарылуу, атылуу ж. б. кубулуштар болгон жердин аралыгын аныктоого мүмкүндүк берет. И. м-н атмнын жогорку катмары ж-а деңиз тереңи изилденет. И. микрофон, гидрофон, геофондордун жардамы м-н кабыл алынат.