Difference between revisions of "ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдаланууга негизделген приборлор, түзүлүштөр, системалар. И. н. т-на инфракызыл нурду аныктоочу ж-а өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытылган нерсенин темп-расын алыстан өлчөөчү, жашырын сигнал берүүчү, жер бетинде ж-а космосто байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын инфракызыл нур чыгаруусу б-ча аныктоочу приборлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду кабыл алгыч ж-а анын булагы, инфра-кызыл нурду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. И. н. т. радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө ж-а түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын ж-а планеталардын атм-сын изилдөөдө, Жердин жылуулук балансын өлчөөдө, ө. ж-да – жыгач, лак-сыр капталган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук локациясында, башкарылуучу снаряддарды бутага өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.