Difference between revisions of "ИНФОРМАТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНФОРМА́ТИКА – компьютер м-н байланыш­кан колдонмо илим тармагы; ил. маалыматтын түзүлүшүн ж-а жалпы касиеттерин, о. эле аны жыйноого, сактоого, издөөгө, кайра иштеп чы­гууга, өзгөртүүгө, таратууга ж-а адам баласы­нын ар түрдүү иш-аракетинде колдонууга бай­ланыштуу маселелерди изилдейт; компьютер ж-а анын программалары м-н тармактарын иш­теп чыгуу, пайдалануу ыкмаларын карайт. И. илими 1960-ж. классикалык матем. ыкмалар­дын жардамы м-н чечилбөөчү чоң көлөмдөгү колдонмо татаал маселелердин (космостук изилдөөлөр, ядро куралдарын иштеп чыгуу, түрдүү чалгындоо маалыматтары) пайда болу­шу м-н калыптана баштаган. Ил. документ ж-а маалыматты жыйноо, иштетүү, сактоо, издөө ж-а таратуу б-ча иштер китепкана таа­нуу, библиография илиминде иштелип келген. Аларды бир ил. тармакка бириктирүү ж-а ал тармакты өнүктүрүү б-ча маанилүү иш жасалып, И. б-ча жалпы теория түзүлгөн. Алгачкы маа­лыматтар – символдор, сигналдар, сүрөттөлүш, тексттер ж. б. И-нын объектилери болуп эсепте­лет. И. теориясынын ил. коммуникация, ил. маалыматты издөө, таратуу, пайдалануу ж. б. бөлүмдөрү бар. И. теориясы ил. маалыматтын ыкмасын, мазмунун, түзүлүшүн ж-а касиетте­рин изилдейт, маалымат түзүүнүн жалпы закон ченемин аныктайт. И-ны колдонуудагы негиз­ги максат – маалымат таратуунун бир илим­дин ичинде, о. эле, илим м-н өндүрүштүн орто­сунда жалпы ил. коммуникацияны аныктоо­нун пайдалуу ыкмалары м-н каражаттарын иштеп чыгуу. Бул үчүн кибернетика, маалымат­тын матем. теориясы, матем. логика, семиоти­ка, лингвистика, психология, китеп таануу, биб­лиография, архив жүргүзүү, илим таануу ж-а тех. илимдердин айрым ыкмалары колдонулат. И. жалпы ил. категория катары маалымат (ин­формация) ж-дөгү окуу аркылуу философия м-н байланыштуу. Ил. маалымат алынган ж-а


пайдаланылган тармагы б-ча биол., саясий, тех., хим., экон. ж. б. болуп, ал эми арналышына жараша жалпы, атайын ж. б. деп бөлүнөт. Ил. маалыматты түзүү, берүү ж-а алуу ишинин жы­йындысы ил. коммуникация деп аталат.