Difference between revisions of "ИНТРИГА"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТРИ́ГА (фр. interige, лат. intricо) – 1) кайсы бир максатка жетүү үчүн тымызын жасалган аракеттер. И. – бийлик ж-а таасир үчүн күрөштүн эң байыркы, салттуу ыкмаларынын бири, «саясат жасоонун» элитардык ыкмасы. И. кимге багытталганына карай төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) персоналдуу, бир саясий ишмерге каршы багытталган; аны бийликтен четтетүү; саясий дискредитациялоо; 2) айрым ишмерлерди эмес, өлчөмүнө карабай тигил же бул топту физ. же символдук четтетүү ж-а компрометациялоо максаты. И-луулуктан качуунун каражаты – саясий турмуштун толук демократташтырылышы, кеңири маалымдуулук, жарандык коом чегинде социалдык көзөмөлдүн атайын куралдарын түзүү; 2) фабула, сюжетти түзүүнүн ыкмасы; каармандардын кызыкчылыктарынын айкалышуусунун ж-а кагылышуусунун натыйжасында түзүлгөн абалдын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан аракеттердин динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу ыңгай, алардын катышынын жардамы м-н окуялардын өнүгүү схемасы; 3) сейрек кездешүүчү сүйүү мамилелери, сүйүү байланышы.