Difference between revisions of "ИНТЕРФЕЙС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНТЕРФЕ́ЙС – 1) ар түрдүү түзүлмөлөр (а п п а­р а т И-и), программалар (п р о г р а м м а­л ы к И.), о. эле программа м-н колдонуучу (колдонуучунун И-и) ортосунда өз ара кызмат­ташуу эрежеси; 2) объекттүү – максат багытын программалоодо – «сырткы» объект м-н иш жүр­гүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү аракеттер жыйын­дысы. Ал иштетүү системасынын элементи м-н компьютер ортосундагы өз ара аракетти анык­тайт. И-тин эң жөнөкөй түзүлүшү экран ж-а буйрук терилүүчү клавиатура. Иштетүү системасы ж-а программалык жабдыктар колдонуучу м-н

компьютер ортосундагы иш-аракетке жараша түзүлөт. Колдонуучунун И-и маалыматтарды компьютерде көрсөтүп, иш-аракетти аткартуу жолун программалык жабдык аркылуу компью­терге кабарлап турат. Иштетүү системасынын элементи болгон колдонуучунун И-и компью­тер м-н болгон өз ара аракетти аныктайт. Үч түргө (буйруктар сабы, меню ж-а графиктик башкаруу) бөлүнөт. Графиктик И. колдонуучу­нун жалпы И-и болуп эсептелет ж-а текст м-н графикти бириктирип, программалык жабдык­тарды пайдаланууну жеңилдетет. Азыркы опера­ция системаларында ж-а колдонмо программа­ларда терезе, меню, WYSIWYG концепциялары­на негизделген колдонуучунун графиктик И-и колдонулат. Иштетүү системаларынын көпчүлүгү бул түрдүн комбинациясын пайдаланат.