Difference between revisions of "ИНТЕРНАЦИОНАЛ 6"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНТЕРНАЦИОНА́Л – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Интернационал айыл окру­гуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1600 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 15 км түш.-чыгыш т арапт а. Кыштак тын түндүгүнөн Чыгыш Чүй каналы өтөт. 1984-ж. Боз-Бармак ж-а Фриденфельд кыш. кошулуп, И. аталган. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 3106 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгек­тенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, клуб, китеп­кана, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соо­да түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт.