Difference between revisions of "«ИНТЕРНАЦИОНАЛ»"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
«ИНТЕРНАЦИОНА́Л» (фр. L’Internationale, лат. inter – аралык, nаtion – эл) – эл аралык пролетариаттын, компартиялардын гимни. Текстин фр. акын Э. Потье 1871-ж. жазган. Музыкасы фр. комп. П. Дегейтердики. «И.» алгач ирет 1888-ж. 23-июнда Франциянын Лилле ш-нда жумушчулар майрамында ырдалган. Россияга 20-к-дын башында падышалык өкмөт тыюу салганга карабай тарала баштаган. Орусчага революционер акын А. Я. Коц 1902-ж. которгон. Улуу Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин «И.» совет мамлекетинин гимни болгон. 1944-ж. СССРдин жаңы мамл. гимни бекитилгендигине байланыштуу ВКП(б) БКнын пленуму «Интернационалды» Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиясынын гимни катары сактоо...» ж-дө токтом чыгарган. «И-дын» кыргыз тилиндеги туңгуч котормосу 1925-ж. жарыяланган, кийин акындар (А. Токомбаев, У. Абдукаимов) тарабынан кайрадан которулган.