Difference between revisions of "«ИНТЕРГЛАСС»"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
«ИНТЕРГЛА́СС» – жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Кыргыз ССРинин Ө. ж.-курулуш материалдары министрлигинин токтому м-н 1966-ж. Токмок ш-нда айнек з-дунун курулушу башталган. З-д Ленинграддагы «Гипростекло» ин-тунун долбоору б-ча курулган. 1972-ж. з-ддун цехтери ишке киргизилип, алгачкы такта айнек чыгарылган. 1995-ж. з-д «Айнек» МАК деп аталган. 1999-ж. ал расмий түрдө кудуретсиз деп табылып, «Steinert lndustries» немис компаниясы сатып алган. Ишкананын аймагында 15 өндүрүштүк корпус иштейт. 2000–02-ж. ишкана жаңы техникалар м-н жабдылып, негизги фондулары жаңыртылган, натыйжада жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө ж-а дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу продукция чыгарууга өбөлгө түзүлдү. З-ддон ө. ж. ишканалары, курулуш объекттери үчүн терезе, витрина айнектери, күзгүлөр, о. эле идиштер, жасалга-көркөм буюмдар ж. б. чыгарылат. Ишканада 1500 мыкты адис эмгектенет (2008). Кырг-ндан тышкары Борб. Азия өлкөлөрүн ж-а Сибирдин шаарларын такта, айнек м-н камсыз кылат.