Difference between revisions of "ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмгеги, көбүнчө татаал чыг-лык эмгек м-н кесиптенген, мад-тты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. И. төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүүлүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез чечим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кызыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «И.» термини алгачкы жолу 19-к-да орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизилген. И. антикалык доордо акыл ж-а күч эмгектеринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болуп, о. кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилинде калыптанган. Кесиптик структурасы б-ча И. ил.-тех., башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, мад-т, ММК кызматкерлери И-нын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеол. ж-а адеп-ахлактык функцияларды аткарышат. И. – идеологиянын башкы жаратуучусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечиси ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучусу. И-нын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туура келет.