Difference between revisions of "ИНТЕГРАЛДЫК СХЕМА"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕГРАЛДЫК СХЕ́МА , и н т е г р а л д ы к м и к р о с х е м а, м и к р о с х е м а (ч и п) – өтө кичине өлчөмдөгү (микроминиатюралык) электрондук түзмөк; элементтери (транзистор, диод, резистор, конденсатор ж. б.) бир технол. циклде даярдалган, бири-бири м-н ыңгайлуу өткөргүчтөр аркылуу байланышкан, бир гана жарым өткөргүчтүү кристаллдын ичинде же бетинде жайгашкан схема. И. с. үзгүлтүксүз же
дискреттүү электрдик, оптикалык ж. б. белги түрүндөгү маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу ж-а жөнөтүү кызматын аткарат. Курамына ж-а түзүлүшүнө карата ал микропроцессор, адаптер (көзөмөл) ж. б. да боло алат. И. с-ны 1958– 60-ж. С. К. Килби жасаган. И. с. камтыган элементтеринин санына жараша – к и ч и н е, о рт о ч о, ч о ң ж-а ө т ө ч о ң; ал эми иштеп чыккан белгисинин түрүнө карата – ц и ф р ал ы к ж-а а н а л о г д у к болуп бөлүнөт. И. с. таза материалдан (кремний, германий) жасалат. Цифралык И. с. компьютердин логикалык ж-а эсте сактоо бөлүгүндө колдонулат. Аналогдук И. с. радио ж-а көрүнүш белгилерин, токту,
чыңалууну пайда кылуу, күчөтүү ж-а түрлөнтүү максатында пайдаланылат.