Difference between revisions of "ИНТЕГРАЛДЫК-ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНТЕГРАЛДЫК-ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ – белгисиз функциясы дифференциал же интеграл белгилеринин астында турган теңдеме. И.-д. т-ге дифференциал ж-а интеграл теңдемелер кирет. И.-д. т. сызыктуу ж-а сызыктуу эмес болуп бөлүнөт. Сызыктуу И.-д. т. төмөнкү түрдө болот: Lx [v] = λ∫a K(x, y)My [v] dy + f (x), мында λ– параметр, K (x, y) – белгилүү функция. Буга жөнөкөй мисал – Вольтерра теңдемеси. Жөнөкөй сызыктуу эмес И.-д. т. төмөнкүдөй жазылат: b v(x) = λ ∫a F(x, y, v(y), v' (y),...v(m) (y))dy + f (x) . Бул теңдемени изилдөө үчүн Банах ж-а Шаудер принциптери, о. эле сызыктуу эмес анализдин башка эрежелери колдонулат. Сызыктуу эмес И.-д. т. жалпы учурда жакындаштырып эсептөө жолдору м-н чыгарылат. Кырг-нда И.-д. т-ни изилдөөгө көп көңүл бурулуп, И.-д. т. теориясынын төмөнкү маселелери б-ча изилдөөлөр жүргүзүлүп келет: 1) И.-д. т. үчүн Коши маселеси; 2) И.-д. т. үчүн чет маселе; 3) И.-д. т-нин чыгарылышы; 4) И.-д. т-нин чыгарылыштарынын асимптотасы ж-а туруктуулугу; 5) И.-д. т-ни чыгаруунун жакындатылган ыкмасы; И.-д. т-ни чыгаруунун символдук ыкмасы; И.-д. т-нин анализдик теориясы, өзгөчө чыгарылыш; 8) кечигүүчү аргументтүү И.-д. т.; 9) И.-д. т. үчүн тескери маселе; 10) И.-д. т-ни практикада колдонуу маселеси. Кырг-нда И.-д. т. б-ча изилдөөлөрдүн алгачкы баштоочусу ж-а ил. жетекчиси Я. В. Быков болгон. Андан кийинки изилдөөлөргө М. Иманалиев жетекчилик кылган.
Ад.: Быков Я. В. О некоторых задачах теории интегро-дифференциальных уравнений. Ф., 1957; Иманалиев М. Обобщённые решение интегральных уравнений первого рода. Б., 1981.