Difference between revisions of "ИНСТИТУТТАШТЫРУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНСТИТУТТАШТЫРУУ – кайсы бир саясий көрүнүштүн же кыймылдын, белгилүү мамиле­лердин структурасы, түрдүү деңгээлдеги бийлик­тин иерархиясы ж-а уюмдун башка белгилери: тартип, жүрүм-турум эрежелери ж. б. бир фор­мага, тартипке келтирилген процесске, уюмдаш­кан мекемеге айкалышы. И-нун башкы форма­лары коомдук өзүн-өзү башкаруунун ж-а сти­хиялуу процесстердин, массалык же топтук кый­мылдардын, толкундоолордун ж. б. деңгээлин­де пайда болот. Бир гана шарты: И. үчүн алар­да тартипке келтирилген, багытталган аракет­тер, башкаруу ж-а уюштурууга жөндөмдүү ли­дерлер, кийин туруктуу жетектөөчү топ пайда болуп, башкарууга баш ийүүсү керек. И-нун өнүккөн формалары түзүлүп бүткөн саясий бий­ликтин, мекемелердин, саясий ассоциациялар­дын структурасы бар коомдун калыптанган сая­сий системасы м-н белгиленет.