Difference between revisions of "ИНСОЛЯЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир­дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) м-н туюнтулат. И. Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де­ңиз деңгээлинин бийиктигине, атм-нын тазалы­гына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошон­дуктан ал жыл мезгилине, атм-нын абалына ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. И. жер бетинин ж-а атм-нын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атм. циркуляциясы, суунун жер бетинде айла­нышы, б. а. жердин климат шарттары ж-а өсүм­дүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофиз., биохим. процесстери И-га тыгыз байланышкан. И. акти­нометр м-н өлчөнөт. И. шарттарын изилдөө а. ч-нда, күн нуру м-н дарыланууда, арх. дол­боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.