Difference between revisions of "ИНЖЕКТОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНЖЕ́КТОР (лат. injicio, фр. injecteur – ыргы­там) – газ ж-а бууну кысуучу, о. эле түрдүү ап­паратка ж-а идишке суюктукту, газды кысып (сүрүп) киргизүүчү агымдуу насос. И. паровоз, локомобиль ж-а анча чоң эмес казан курулма-


Файл:ИНЖЕКТОР37.png
Инжектор. Иштөө схемасы: 1 – буу жүргүч; 2 – буу ко­нусу; 3 – суу конусу; 4 – сыртка чыгаргыч түтүк; 5 – толтуруучу конус; 6 – түтүк; 7, 8 – клапандар; 9 – бак.

ларында буу казанына суу жиберүү үчүн колдо­нулат. И-дун иш-аракети буу агымынын кине­тикалык энергиясын суунун потенциалдык энер­гиясына айландырууга негизделген. И-го кирүүчү суунун темп-расы 40°Сден ашпашы керек. И. тик же горизонталдык абалда жайгашат. И. турук­туу ж-а көчмө чакан курулмаларда орнотулат. Анын өндүрүмдүүлүгү төмөн ж-а жогорку темп­рада иштебейт. Газды, бууну ж-а суюктукту соруп алууга ылайыкталган И. э ж е к т о р деп аталат.