Difference between revisions of "ИНДУКЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
ИНДУ́КЦИЯ (лат. inductio – сөзмө-сөз – келтирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотезага (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой корутундусу, б. а. мурдагы тажрыйбага таянып, байкоонун ж-а эксперименттердин болочок натыйжасын алдын ала билүүгө байланышкан жалпылоонун түрү. И. толук ж-а толук эмес болуп
айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук И. деп, ал эми жалпылоо фактылардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин камтылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес И. деп аталат. Толук И-га караганда толук эмес И. пайдалуу, себеби ал белгилүү фактылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет ж-а анын жардамы м-н адамдын тааныпбилүүсү кеңейет (к. Дедукция).