Difference between revisions of "ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
(Айырма жок)

12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы

ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР – Индонезиянын негиз­ги калкы. Түш. Чыгыш Азия а-ы, Жаңы Гви­неянын батыш бөлүктөрү, Малайзия, Филип­пин, Бруней ж-а Сингапурда да жашашат. Жал­пы саны 375 млн киши (2007), көпчүлүгүн ява­лыктар, сундалыктар, мадурлар, малайялык­тар, минангкабау, бугис, бали, банжар, ачех, макассар ж. б. түзөт. И-дын дини – ислам (90%), христиан, буддизм ж-а индуизм. Б. з. ч. 3–2- миң жылдыкта Түш. Чыгыш Азиянын моңгол тилдүү уруулары Индонезия аймагына көчүп келип, жерг. веддоиддик ж-а меланезоиддик уруулар м-н аралашып, И-дын этностук неги­зин түзгөн. Азыркы И. 19–20-к-да калыптана

баштаган. 1945-ж. көз каранды эмес Индонезия Респ. жарыялангандан кийин улуттук ж-а эт­ностук биригүү процесси күчүнө кирип, жалпы индонезия тили ж-а мад-тынын өнүгүшүнө өбөл­гө түзүлгөн. И-дын негизги кесиби – дыйканчы­лык (күрүч, жүгөрү, маниок, батат, арахис, соя эгишип, экспорт үчүн каучуктуу өсүмдүктөр, пальма майы, бал камыш, чай, кофе, какао, хина дарагы, тамеки, калемпир, сизаль ж. б. өсүмдүктөрдү айдашат), мал чарбачылык, балык уулоочулук. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары ж-а жашылча-жемиштер. Суусун­дук катары кофе, чай, кокос жаңгагынан жа­салган сок колдонушат.

Ш. Керимова.