Difference between revisions of "ИНДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК) – Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-ж. де­кабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуу­чулар» ж-а «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүш­көн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучу­лар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаар­лар» ага колониялык бийлик м-н жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пи­кирди жетекчиликке алышкан. 1916-ж. «аша чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан ки­йин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индия­дагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мез­гилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. Ганди турган ИУК өзүн өзү башкарууга «тынчтык ж-а мыйзам жолу м-н жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчи­лик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүү­гө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улут­тук-боштондук кыймылынын күчөшү ж-а ИУК-тун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) ки­йин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган.
Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башын­да турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948-ж. аг­рардык, адм. реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар м-н топ­тордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн ки­йин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969- жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийлик­ке И. Ганди келген ж-а 1971-жылдагы парла­ментке кезексиз шайлоодо демокр. күчтөрдүн колдоосу м-н ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жыл­дагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой кал­гандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980–84-ж. И. Ганди, 1984–91-ж. Р. Ган­ди, 1991-жылдан Н. Рао.


Ад.: Девяткина Т. Ф., Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970.