Difference between revisions of "ИНДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)"
м (1 версия) |
vol3>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК) –
Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-ж. декабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуучулар» ж-а «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүшкөн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучулар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаарлар» ага колониялык бийлик м-н жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пикирди жетекчиликке алышкан. 1916-ж. «аша
чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан кийин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индиядагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мезгилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. Ганди турган ИУК өзүн өзү башкарууга
«тынчтык ж-а мыйзам жолу м-н жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчилик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүүгө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улуттук-боштондук кыймылынын күчөшү ж-а ИУК-тун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) кийин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган.
Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башында турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948-ж. агрардык, адм. реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар м-н топтордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн кийин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969- жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийликке И. Ганди келген ж-а 1971-жылдагы парламентке кезексиз шайлоодо демокр. күчтөрдүн колдоосу м-н ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жылдагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой калгандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980–84-ж. И. Ганди, 1984–91-ж. Р. Ганди, 1991-жылдан Н. Рао.
Ад.: Девяткина Т. Ф., Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970.