Difference between revisions of "АЛИМ ХАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛИМ ХАН''' ‒ 1800‒09-жылдары  Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миӊ династиясынын өкүлү, ''Нарбото бийдин ''уулу. Алим хандын энеси кыргыз болгондуктан, апасынын туугандары Момунбек <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Ырыскулбекти аскер башчы кылып дайындаган. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Чымкентти ээлеген. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.<br>
'''АЛИМ-ХАН''' Нарбото уулу (болжол менен 1772/74-жылдар, [[Кокон хандыгы]]–1810-жыл, февраль-март, ошол эле жер) ‒ [[Миӊ династиясы]]нын өкүлү, Кокон хандыгынын ханы (1799‒1809). Коконду 1770‒1798-жылдары бийлеген [[Нарбото]] (1749–1798) бийдин уулу. Алим хан менен [[Омор хан]]дын (1810‒1822) энеси Имамкул-бийдин кызы Миң-айым болуп, булардан тышкары Үрүстөм бий (энеси жүз уругунан), Пазыл (Фазил) бий жана Жедигер (Йадгар) бий деген балдары (бул экөөнүн энеси «миран» уругунан) болгон. Алим алгач Төрө-Коргондо бек болуп турган. 1798-жылы июнь айында Нарбото дүйнөдөн кайтып, бийлик талашкан бир нече топ түзүлгөн. Миң уругу Алим менен Оморду колдосо, Ажы бий ( [[Шераалы хан]]дын (1842–1845 атасы) башындагы экинчи топ Үрүстөм бийге жан тарткан. Алим бийликке келери менен адегенде атасынын агасы Ажы бий, анан өз иниси Үрүстөм бий өлтүрүлгөн. Ага чейин Ажы бий үч уулун (Улукбек, Шераалыбек, Бекуулбек) Таластагы кыргыздарга качырууга үлгүргөн. Бийлиги бекемделгенден соң Алим өзүн хан жарыялап, азыркы [[Тажикстан]]дын тоолуу (Кухистан) райондорунда (Дарбаза, Көлөп) жашаган [[тажик]], калча сыяктуу ж.б. уруулардан жалданама аскер (сарбаз, сыпай) жыйноого киришкен. Калча уруулары кийинчерээк ордодогу маанилүү кызматтарды ээлеп калган. Мындан тышкары [[ислам]] динин туткандардан [[шарият]] жолун бузбоону катуу талап кылып, [[мазар]] сыяктуу ыйык жерлерге сыйынууга тыюу салган. 1806-жылы Курама менен [[Ташкент]] каратылгандан кийин хандыктын ээлиги эки эсеге кеңейген жана бул жердеги кожолордун бийлиги жоюлуп, анын урматына өз алдынча тыйын акча (динар) бастыра баштаган. Оро-Төбөнү каратуу үчүн 10-15 жолу жүрүш жасаган. [[Кетмен-Төбө]], [[Ош]] аймактарындагы [[кыргыздар]]ды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 1810-жылы кыш айынын аяк чендеринде Ташкент шаарына келип, [[Чымкент]], Сайрам, [[Түркстан]] чептеринин айланасындагы [[казак]] урууларын чаап, олжо алып келүү үчүн көп кол аттандырган. Ушул учурда 20 чакты күндөй катуу суук жүргөнүнө байланыштуу аскеринин көбү колу-бутун үшүккө алдырып, баш аламандык башталган. Ошол замат «Алим-хан каза болду» деген ушак тарап (айрым маалыматтар боюнча аны Жумабай жана Ырыскул тараткан), кол алдындагылардын көбү туш-тушка качып кеткен. Миң-Урук деген жерде калган иниси Омор Коконго кайтканын укканда калган-каткан жоокери менен анын артынан жөнөгөн. Кендир-Даванды ашып, Кызыл-Көпүрө деген капчыгайдагы жол ураган таштар менен тосулуп калганын көргөндө, 3 жигити жана Зухур аттуу диванбегинин коштоосунда Сыр-Дарыянын экинчи жээгине өткөн. Ушул жерден белгисиз бирөө аткан жаа огунан каза болгон.    
 
Ад.: Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана //Соч. Т. II, часть 1. М., 1963; Бейсембиев Т. К. «Та’рих-и Ш ахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010.<br>
[[Категория:1-Том]]

12:38, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

АЛИМ-ХАН Нарбото уулу (болжол менен 1772/74-жылдар, Кокон хандыгы–1810-жыл, февраль-март, ошол эле жер) ‒ Миӊ династиясынын өкүлү, Кокон хандыгынын ханы (1799‒1809). Коконду 1770‒1798-жылдары бийлеген Нарбото (1749–1798) бийдин уулу. Алим хан менен Омор хандын (1810‒1822) энеси Имамкул-бийдин кызы Миң-айым болуп, булардан тышкары Үрүстөм бий (энеси жүз уругунан), Пазыл (Фазил) бий жана Жедигер (Йадгар) бий деген балдары (бул экөөнүн энеси «миран» уругунан) болгон. Алим алгач Төрө-Коргондо бек болуп турган. 1798-жылы июнь айында Нарбото дүйнөдөн кайтып, бийлик талашкан бир нече топ түзүлгөн. Миң уругу Алим менен Оморду колдосо, Ажы бий ( Шераалы хандын (1842–1845 атасы) башындагы экинчи топ Үрүстөм бийге жан тарткан. Алим бийликке келери менен адегенде атасынын агасы Ажы бий, анан өз иниси Үрүстөм бий өлтүрүлгөн. Ага чейин Ажы бий үч уулун (Улукбек, Шераалыбек, Бекуулбек) Таластагы кыргыздарга качырууга үлгүргөн. Бийлиги бекемделгенден соң Алим өзүн хан жарыялап, азыркы Тажикстандын тоолуу (Кухистан) райондорунда (Дарбаза, Көлөп) жашаган тажик, калча сыяктуу ж.б. уруулардан жалданама аскер (сарбаз, сыпай) жыйноого киришкен. Калча уруулары кийинчерээк ордодогу маанилүү кызматтарды ээлеп калган. Мындан тышкары ислам динин туткандардан шарият жолун бузбоону катуу талап кылып, мазар сыяктуу ыйык жерлерге сыйынууга тыюу салган. 1806-жылы Курама менен Ташкент каратылгандан кийин хандыктын ээлиги эки эсеге кеңейген жана бул жердеги кожолордун бийлиги жоюлуп, анын урматына өз алдынча тыйын акча (динар) бастыра баштаган. Оро-Төбөнү каратуу үчүн 10-15 жолу жүрүш жасаган. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 1810-жылы кыш айынын аяк чендеринде Ташкент шаарына келип, Чымкент, Сайрам, Түркстан чептеринин айланасындагы казак урууларын чаап, олжо алып келүү үчүн көп кол аттандырган. Ушул учурда 20 чакты күндөй катуу суук жүргөнүнө байланыштуу аскеринин көбү колу-бутун үшүккө алдырып, баш аламандык башталган. Ошол замат «Алим-хан каза болду» деген ушак тарап (айрым маалыматтар боюнча аны Жумабай жана Ырыскул тараткан), кол алдындагылардын көбү туш-тушка качып кеткен. Миң-Урук деген жерде калган иниси Омор Коконго кайтканын укканда калган-каткан жоокери менен анын артынан жөнөгөн. Кендир-Даванды ашып, Кызыл-Көпүрө деген капчыгайдагы жол ураган таштар менен тосулуп калганын көргөндө, 3 жигити жана Зухур аттуу диванбегинин коштоосунда Сыр-Дарыянын экинчи жээгине өткөн. Ушул жерден белгисиз бирөө аткан жаа огунан каза болгон.    

Ад.: Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана //Соч. Т. II, часть 1. М., 1963; Бейсембиев Т. К. «Та’рих-и Ш ахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010.