Difference between revisions of "АЛ-БАЛАЗУРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АЛ-БАЛАЗУРИ''' [толук аты-жөнү Абу-л-Хасан Ахмад ибн Йахйа ибн Жабир ибн Дауд ал-Балазури (туулга...")
 
 
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛ-БАЛАЗУРИ''' [толук аты-жөнү Абу-л-Хасан Ахмад ибн Йахйа ибн Жабир ибн Дауд ал-Балазури (туулган жылы жана жери белгисиз – болжол менен 892-жыл)] – персиялык (фарси) мусулман тарыхчысы, «Китаб футух ал-булдан» (Өлкөлөрдү жеңип алуу тууралуу китеп) аттуу белгилүү эмгектин автору. Ал-Балазуринин өмүрү толук белгисиз, негизинен Багдадда жана азыркы Сириянын шаарларында билим алып, Аббасиддердин династиясына таандык халифтер менен жакын мамиледе болгон. Автор аталган эмгегин 820–892-жылдар аралыгында жазган жана анда Мухаммед пайгамбардын мезгилинен баштап, арабдардын Түндүк Африка, Испанияга жасаган жүрүштөрүн баяндап, кийин Ирак, Иран, Орто Азияны каратып алышы менен аяктайт. Бирок «Китаб футух ал-булдандын» толук варианты сакталып калган эмес, бизге автордун өзү түзгөн анын кыскача варианты гана жеткен. Анда автор ар бир аймакты өзүнчө бөлүмдөргө бөлүп, тарыхый окуяларды хронологиялык тартипке салып, иреттүү берген. Өзгөчө Араб халифатынын түзүлүшү, арабдардын Хорасан, Мавераннахр, Шаш, Испиджабга жасаган жортуулдары, башында Низак тархан турган түрктөрдүн арабдарга каршылык көрсөтүшү тууралуу башка эмгектерде жолукпаган айрым маалыматтар бар. Ошондой эле арабдардын аскер башчысы Кутейба ибн Муслимдин (669–715) Фергана өрөөнү жана Сыр-Дарыянын чыгышына жасаган жортуулдары айтылат. Аталган эмгек арабдардын Орто Азияны басып алуу мезгилиндеги тарыхый баалуу булактардын бири болуп саналат.  
'''АЛ-БАЛАЗУРИ''' [толук аты-жөнү Абу-л-Хасан Ахмад ибн Йахйа ибн Жабир ибн Дауд ал-Балазури (туулган жылы жана жери белгисиз – болжол менен 892-жыл)] – персиялык (фарси) [[мусулман]] тарыхчысы, «Китаб футух ал-булдан» (Өлкөлөрдү жеңип алуу тууралуу китеп) аттуу белгилүү эмгектин автору. Ал-Балазуринин өмүрү толук белгисиз, негизинен [[Багдад]]да жана азыркы Сириянын шаарларында билим алып, [[Аббасиддер]]дин династиясына таандык [[халиф]]тер менен жакын мамиледе болгон. Автор аталган эмгегин 820–892-жылдар аралыгында жазган жана анда [[Мухаммед пайгамбар]]дын мезгилинен баштап, арабдардын Түндүк [[Африка]], [[Испания]]га жасаган жүрүштөрүн баяндап, кийин [[Ирак]], [[Иран]], [[Орто Азия]]ны каратып алышы менен аяктайт. Бирок «Китаб футух ал-булдандын» толук варианты сакталып калган эмес, бизге автордун өзү түзгөн анын кыскача варианты гана жеткен. Анда автор ар бир аймакты өзүнчө бөлүмдөргө бөлүп, тарыхый окуяларды хронологиялык тартипке салып, иреттүү берген. Өзгөчө [[Араб халифаты]]нын түзүлүшү, [[арабдар]]дын [[Хорасан]], [[Мавераннахр]], Шаш, Испиджабга жасаган жортуулдары, башында Низак тархан турган түрктөрдүн арабдарга каршылык көрсөтүшү тууралуу башка эмгектерде жолукпаган айрым маалыматтар бар. Ошондой эле арабдардын аскер башчысы [[Кутейба ибн Муслим]]дин (669–715) Фергана өрөөнү жана [[Сыр-Дарыя]]нын чыгышына жасаган жортуулдары айтылат. Аталган эмгек арабдардын Орто Азияны басып алуу мезгилиндеги тарыхый баалуу булактардын бири болуп саналат.  


Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939.
Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939.

08:46, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

АЛ-БАЛАЗУРИ [толук аты-жөнү Абу-л-Хасан Ахмад ибн Йахйа ибн Жабир ибн Дауд ал-Балазури (туулган жылы жана жери белгисиз – болжол менен 892-жыл)] – персиялык (фарси) мусулман тарыхчысы, «Китаб футух ал-булдан» (Өлкөлөрдү жеңип алуу тууралуу китеп) аттуу белгилүү эмгектин автору. Ал-Балазуринин өмүрү толук белгисиз, негизинен Багдадда жана азыркы Сириянын шаарларында билим алып, Аббасиддердин династиясына таандык халифтер менен жакын мамиледе болгон. Автор аталган эмгегин 820–892-жылдар аралыгында жазган жана анда Мухаммед пайгамбардын мезгилинен баштап, арабдардын Түндүк Африка, Испанияга жасаган жүрүштөрүн баяндап, кийин Ирак, Иран, Орто Азияны каратып алышы менен аяктайт. Бирок «Китаб футух ал-булдандын» толук варианты сакталып калган эмес, бизге автордун өзү түзгөн анын кыскача варианты гана жеткен. Анда автор ар бир аймакты өзүнчө бөлүмдөргө бөлүп, тарыхый окуяларды хронологиялык тартипке салып, иреттүү берген. Өзгөчө Араб халифатынын түзүлүшү, арабдардын Хорасан, Мавераннахр, Шаш, Испиджабга жасаган жортуулдары, башында Низак тархан турган түрктөрдүн арабдарга каршылык көрсөтүшү тууралуу башка эмгектерде жолукпаган айрым маалыматтар бар. Ошондой эле арабдардын аскер башчысы Кутейба ибн Муслимдин (669–715) Фергана өрөөнү жана Сыр-Дарыянын чыгышына жасаган жортуулдары айтылат. Аталган эмгек арабдардын Орто Азияны басып алуу мезгилиндеги тарыхый баалуу булактардын бири болуп саналат.

Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении, Т. I. VII—XV вв. Арабские и персидские источники. М.-Л., 1939.