Difference between revisions of "БЕРДИКОЖО БААТЫР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''БЕРДИКОЖО БААТЫР''' [каз. Бердіқожа батыр (болжол менен 1708-жылдар – 1786-жыл, январь айы, Иле дары...")
 
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''БЕРДИКОЖО БААТЫР''' [каз. Бердіқожа батыр (болжол менен 1708-жылдар – 1786-жыл, январь айы, [[Иле дарыясы]]нын оң жээги)] – [[казак эли]]нин баатырларынын бири, [[Улуу жүз]]дөгү уйсун уруусуна караштуу чанчкулу (каз. шанышқылы) уругунун кол башчысы. Ата-теги жөнүндө маалыматтар азырынча жарыялана элек. Өмүрүнүн аягына чейин Иле бою, [[Ысык-Көл]], [[Чүй суусу]]нун жээгиндеги [[кыргыздар]]га тынчтык бербей келген. 18-кылымдын орто ченине карай [[Жуңгар хандыгы]] саясий-экономикалык кризиске учурап, алсырай баштаганына байланыштуу [[Фергана өрөөнү]]нө ооп (кара: [[Кыргыз-калмак согуштары]]), чачылып кеткен кыргыздардын кайтып, кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Адегенде [[Чүй өрөөнү]] (кара: [[Кыргыздардын Чүйгө келиши]]), андан Иле дарыясынын боюна келишинен кийин бир жагынан кыргыз-казак, экинчи тараптан кыргыз-цин мамилеси курчуп чыккан. Мисалы, 1763–1764-жылдары Абылпеиз султан 2000 кол жыйнап келип, Иленин жээгине жортуул уюштурганда, кыргыздар аларга жооп кылып, казакты катары менен үч жолу чаап кайткан. 1765-жылы жай, күз айларында Абылай султан дагы Илеге эки жолу жүрүш кылып, анын биринде өзү кыргыздардын колуна түшүп калган. 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-жылдары [[Абылай хан]] кайрадан [[Кара-Балта]], [[Олуя-Ата]] тараптан бир нече жолу жасаган жортуулдарынан (кара: [[Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары]], [[Жайыл кыргыны]], [[Кыргыздар]]) кийин кыргыз-казактардын аттуу-баштуу бийлеринин атынан эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн (кара: [[Түлөберди баатыр]]). Ал бүтүмгө карабай, казактардын чанчкылы уруусунун баатыры Бердикожо Иле дарыясынын оң жээги, Егенсуунун (Каратал менен Лепси сууларынын аралыгы) башынан конуш алып, кыргыздарга каршы жортуулун уланта берген. 1783-жылы 13-июлда Семипалатинск чебине биринчи жолу барган Бердикожо өзүлөрүнүн тоолук (түп нускада – жапайы) кыргыздар менен 18 жылдан бери чогуу, кошуна турганын айткан. Орус аскер кызматчыларынын маалыматы боюнча кандайдыр бир жаңжал чыкса «Жидысу» тарапка чегинип кеткен. 1785-жылы октябрь айында Бердикожо жети болуштан баш-аягы 500 киши менен кыргыздарды чабууга аттанып келе жатып, 1500 цин аскерине жолуккан. Ал жерден цин аскеринин башчылары өзүлөрүнө караштуу элди кыргыздар чаап, 2500 жылкысын олжо кылып кеткенин айтып, аны кайтарып алуу үчүн Бердикожодон жардам сураган. Натыйжада алар биригип, Бердикожо Аягөз, цин аскери Иле тараптан жортуул жасап, кыргыздарды катуу чапкан. Бердикожонун тынч жүрбөгөнү, ошондой эле мойну узун болгондуктан аны [[Эсенкул баатыр]] «казык моюн казак» атыктырганы тууралуу оозеки маалыматтарда көп жолугат. Алардын биринде чанчкулу Бердикожо баатыр көп аскер менен келип, Чүй суусунун жээгинен солто уруусуна кол салып, асылбаш уругунан 83 жаштагы [[Ныша]] баатырды өлтүргөн. Кийинки жылы Нышанын кунун куумак болгон Эсенкул баатыр кол жыйнап, Үч-Алматыдан аттанып, Ысык-Көлдүн башындагы токойлордон Бердикожо колу менен эс алып жатканын көрүшөт. Аңдып туруп, түн киргенде кол салып, көбүн колго түшүрүшкөн. Бердикожо качып бара жатканда [[сарыбагыш]]тын жантай уругунан Боктурбай уулу Кудайбакты деген аны кармап алган. Бирок достошуп, ат-тон берип, узатып жиберген. Анысы кийин билинип калып, ушул себептен бүткүл арка кыргызы «Кудайбактыны кудай какты» деп жектешкени айтылат. Башка бир [[фольклор]]дук маалыматта Эсенкул баатыр Бердикожонун дайнын билип келүү үчүн солтодон Бөрүбай баатыр, бөлөкбайдан Мырза, сарыбагыштан 2 адамды баш кылып, 80 кишини чалгынга жибергени айтылат. Алар топ-топ болуп, күндүзү бекинип, түнкүсүн жол жүрүп баратканда Бөрүбайдын алдынан Бердикожонун өзү чыгып, аны колго түшүрүп алат. Аны айылына алып барып, кыл чылбырлап колун байлап коет. Бир убакта Бөрүбай чылбырды тиши менен кыйып алып, Бердикожонун Көкчолок деген күлүгүн мине качат. Ошондо Бердикожо «сени кууган менен Көкчолок жеткирбейт, куттуу болсун күлүгүң» деп кала берген. Чалгынчылар [[Кордой]]догу элине келип, Бердикожонун так дайынын билдиришет. Эсенкул баатыр жанына таңдамалуу 500 киши менен түн ичинде келип, Бердикожо баатырдын айылын курчап калган. Ал туюп калып, үйүнүн эшигин ачып, найза-кылычын алып, карап турган болот. Эсенкул үйдү көтөрө салып, аңтарып жибергенде, Бөрүбай баатыр байлап алган. Көп казак туткунга түшкөн, бирок Эсенкул баатыр, башкалардын «бүчү-бүлдүргүсүнө» да тийдирбей коё бердирип, «биздин издегенибиз Бердикожо болчу» деп, анын башын алышкан. Бердикожонун кыргыздар менен болгон акыркы салгылашуусу тууралуу тоболдук [[татар]], [[тилмеч]] жана молдо Киленей Мамлимден 1786-жылы 13-февралда укканын орус аскер кызматкери И. Андреев да эскерип кеткен. Ал негизинен кыргыз санжыраларынан анча  айырмаланбай, болгону колго түшкөн Бердикожонун өлүмү бир аз башкача баяндалат. Аны бир кыргыз атына учкаштырып алып, башчысы Эсенкулга (Исенгильди) алып бара жатканда, акыры соо калбасын билген Бердикожо кончуна катып жүргөн бычагын алып, алдындагы кыргызды сайып өлтүргөн. Ага ачуусу келген кыргыздар ошол жерден Бердикожонун башы кесип алган. И. [[Андреев]]дин маалыматында бул окуя 1786-жылы январь айында болуп, анын артында Секолян бир тууганы, ошондой эле Лепес, Чок жана экөөнүн аты белгисиз – төрт баласы калган. Кийин Бердикожонун кунун кууган туугандары кыргыздарга бир жолу кол салып, «Исенгильдынын» бир баласын (айрым санжыраларда ал Эсенкулдун Найман деген уулу болгон) колго түшүрүп, айылына алып барып, бычактап өлтүрүшкөн. Бердикожонун өлүмүнөн кийин кыргыз-казак мамилеси акырындык менен оңоло баштаган.
'''БЕРДИКОЖО БААТЫР''' [каз. Бердіқожа батыр (болжол менен 1708-жылдар – 1786-жыл, январь айы, [[Иле дарыясы]]нын оң жээги)] – [[казак эли]]нин баатырларынын бири, [[Улуу жүз]]дөгү уйсун уруусуна караштуу чанчкулу (каз. шанышқылы) уругунун кол башчысы. Ата-теги жөнүндө маалыматтар азырынча жарыялана элек. Өмүрүнүн аягына чейин Иле бою, [[Ысык-Көл]], [[Чүй суусу]]нун жээгиндеги [[кыргыздар]]га тынчтык бербей келген. 18-кылымдын орто ченине карай [[Жуңгар хандыгы]] саясий-экономикалык кризиске учурап, алсырай баштаганына байланыштуу [[Фергана өрөөнү]]нө ооп (кара: [[Кыргыз-калмак согуштары]]), чачылып кеткен кыргыздардын кайтып, кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Адегенде [[Чүй өрөөнү]] (кара: [[Кыргыздардын Чүйгө келиши]]), андан Иле дарыясынын боюна келишкенден кийин И. Андреев боюнча кыргыз-казак чек арасы «[[Ташкент шаары]]на сексен [[чакырым]] жетпей, Кукан (Икан) шаарына жакын Цуй (Чүй) суусунан имерилип, Иле дарыясынын таралмасынан ылдый, [[Балхаш көлү]]нө жүз чакырым жетпей чектелген. Бул, Иле дарыясы [[кайсактар]] менен бөлгөн сыяктуу эле кыргыздарды кытай мамлекетинен да бөлүп турган». Натыйжада бир жагынан кыргыз-казак, экинчи тараптан кыргыз-цин мамилеси курчуп чыккан. Мисалы, 1763–1764-жылдары Абылпеиз султан казактардан 2000 кол жыйнап келип, Иленин жээгине жортуул уюштурганда, кыргыздар аларга жооп кылып, казакты катары менен үч жолу чаап кайткан. 1765-жылы жай, күз айларында Абылай султан дагы Илеге эки жолу жүрүш кылып, анын биринде өзү кыргыздардын колуна түшүп калган. 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-жылдары [[Абылай хан]] кайрадан [[Кара-Балта]], [[Олуя-Ата]] тараптан бир нече жолу жасаган жортуулдарынан (кара: [[Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары]], [[Жайыл кыргыны]], [[Кыргыздар]]) кийин кыргыз-казактардын аттуу-баштуу бийлеринин атынан эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн (кара: [[Түлөберди баатыр]]). Ал бүтүмгө карабай, казактардын чанчкылы уруусунун баатыры Бердикожо Иле дарыясынын оң жээги, Егенсуунун (Каратал менен Лепси сууларынын аралыгы) башынан конуш алып, кыргыздарга каршы жортуулун уланта берген. 1783-жылы 13-июлда Семипалатинск чебине биринчи жолу барган Бердикожо өзүлөрүнүн тоолук (түп нускада – жапайы) кыргыздар менен 18 жылдан бери чогуу, кошуна турганын айткан. Орус аскер кызматчыларынын маалыматы боюнча кандайдыр бир жаңжал чыкса «Жидысу» тарапка чегинип кеткен. 1785-жылы октябрь айында Бердикожо жети болуштан баш-аягы 500 киши менен кыргыздарды чабууга аттанып келе жатып, 1500 цин аскерине жолуккан. Ал жерден цин аскеринин башчылары өзүлөрүнө караштуу элди кыргыздар чаап, 2500 жылкысын олжо кылып кеткенин айтып, аны кайтарып алуу үчүн Бердикожодон жардам сураган. Натыйжада алар биригип, Бердикожо Аягөз, цин аскери Иле тараптан жортуул жасап, кыргыздарды катуу чапкан. Бердикожонун тынч жүрбөгөнү, ошондой эле мойну узун болгондуктан аны [[Эсенкул баатыр]] «казык моюн казак» атыктырганы тууралуу оозеки маалыматтарда көп жолугат. Алардын биринде чанчкулу Бердикожо баатыр көп аскер менен келип, Чүй суусунун жээгинен солто уруусуна кол салып, асылбаш уругунан 83 жаштагы [[Ныша]] баатырды өлтүргөн. Кийинки жылы Нышанын кунун куумак болгон Эсенкул баатыр кол жыйнап, Үч-Алматыдан аттанып, Ысык-Көлдүн башындагы токойлордон Бердикожо колу менен эс алып жатканын көрүшөт. Аңдып туруп, түн киргенде кол салып, көбүн колго түшүрүшкөн. Бердикожо качып бара жатканда [[сарыбагыш]]тын жантай уругунан Боктурбай уулу Кудайбакты деген аны кармап алган. Бирок достошуп, ат-тон берип, узатып жиберген. Анысы кийин билинип калып, ушул себептен бүткүл арка кыргызы «Кудайбактыны кудай какты» деп жектешкени айтылат. Башка бир [[фольклор]]дук маалыматта Эсенкул баатыр Бердикожонун дайнын билип келүү үчүн солтодон Бөрүбай баатыр, бөлөкбайдан Мырза, сарыбагыштан 2 адамды баш кылып, 80 кишини чалгынга жибергени айтылат. Алар топ-топ болуп, күндүзү бекинип, түнкүсүн жол жүрүп баратканда Бөрүбайдын алдынан Бердикожонун өзү чыгып, аны колго түшүрүп алат. Аны айылына алып барып, кыл чылбырлап колун байлап коет. Бир убакта Бөрүбай чылбырды тиши менен кыйып алып, Бердикожонун Көкчолок деген күлүгүн мине качат. Ошондо Бердикожо «сени кууган менен Көкчолок жеткирбейт, куттуу болсун күлүгүң» деп кала берген. Чалгынчылар [[Кордой]]догу элине келип, Бердикожонун так дайынын билдиришет. Эсенкул баатыр жанына таңдамалуу 500 киши менен түн ичинде келип, Бердикожо баатырдын айылын курчап калган. Ал туюп калып, үйүнүн эшигин ачып, найза-кылычын алып, карап турган болот. Эсенкул үйдү көтөрө салып, аңтарып жибергенде, Бөрүбай баатыр байлап алган. Көп казак туткунга түшкөн, бирок Эсенкул баатыр, башкалардын «бүчү-бүлдүргүсүнө» да тийдирбей коё бердирип, «биздин издегенибиз Бердикожо болчу» деп, анын башын алышкан. Бердикожонун кыргыздар менен болгон акыркы салгылашуусу тууралуу тоболдук [[татар]], [[тилмеч]] жана молдо Киленей Мамлимден 1786-жылы 13-февралда укканын орус аскер кызматкери И. Андреев да эскерип кеткен. Ал негизинен кыргыз санжыраларынан анча  айырмаланбай, болгону колго түшкөн Бердикожонун өлүмү бир аз башкача баяндалат. Аны бир кыргыз атына учкаштырып алып, башчысы Эсенкулга (Исенгильди) алып бара жатканда, акыры соо калбасын билген Бердикожо кончуна катып жүргөн бычагын алып, алдындагы кыргызды сайып өлтүргөн. Ага ачуусу келген кыргыздар ошол жерден Бердикожонун башы кесип алган. И. [[Андреев]]дин маалыматында бул окуя 1786-жылы январь айында болуп, анын артында Секолян бир тууганы, ошондой эле Лепес, Чок жана экөөнүн аты белгисиз – төрт баласы калган. Кийин Бердикожонун кунун кууган туугандары кыргыздарга бир жолу кол салып, «Исенгильдынын» бир баласын (айрым санжыраларда ал Эсенкулдун Найман деген уулу болгон) колго түшүрүп, айылына алып барып, бычактап өлтүрүшкөн. Бердикожонун өлүмүнөн кийин кыргыз-казак мамилеси акырындык менен оңоло баштаган.


Ад.: Бала Айылчынын санжырасы //Кыргыз санжырасы (Ала-Тоо журналынын тиркемеси). Б., 1994; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996; Солотоноев Б. Кыргыз тарыхы. Б., 2003; Андреев И. Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. Астана, 2007; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Шанышкылы Бердикожа батыр. Астана. 2009.
Ад.: Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.) 2 часть. А., 1989; Бала Айылчынын санжырасы //Кыргыз санжырасы (Ала-Тоо журналынын тиркемеси). Б., 1994; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996; Солотоноев Б. Кыргыз тарыхы. Б., 2003; Андреев И. Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. Астана, 2007; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Шанышкылы Бердикожа батыр. Астана. 2009.
 
Э. Турганбаев

14:59, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы

БЕРДИКОЖО БААТЫР [каз. Бердіқожа батыр (болжол менен 1708-жылдар – 1786-жыл, январь айы, Иле дарыясынын оң жээги)] – казак элинин баатырларынын бири, Улуу жүздөгү уйсун уруусуна караштуу чанчкулу (каз. шанышқылы) уругунун кол башчысы. Ата-теги жөнүндө маалыматтар азырынча жарыялана элек. Өмүрүнүн аягына чейин Иле бою, Ысык-Көл, Чүй суусунун жээгиндеги кыргыздарга тынчтык бербей келген. 18-кылымдын орто ченине карай Жуңгар хандыгы саясий-экономикалык кризиске учурап, алсырай баштаганына байланыштуу Фергана өрөөнүнө ооп (кара: Кыргыз-калмак согуштары), чачылып кеткен кыргыздардын кайтып, кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Адегенде Чүй өрөөнү (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши), андан Иле дарыясынын боюна келишкенден кийин И. Андреев боюнча кыргыз-казак чек арасы «Ташкент шаарына сексен чакырым жетпей, Кукан (Икан) шаарына жакын Цуй (Чүй) суусунан имерилип, Иле дарыясынын таралмасынан ылдый, Балхаш көлүнө жүз чакырым жетпей чектелген. Бул, Иле дарыясы кайсактар менен бөлгөн сыяктуу эле кыргыздарды кытай мамлекетинен да бөлүп турган». Натыйжада бир жагынан кыргыз-казак, экинчи тараптан кыргыз-цин мамилеси курчуп чыккан. Мисалы, 1763–1764-жылдары Абылпеиз султан казактардан 2000 кол жыйнап келип, Иленин жээгине жортуул уюштурганда, кыргыздар аларга жооп кылып, казакты катары менен үч жолу чаап кайткан. 1765-жылы жай, күз айларында Абылай султан дагы Илеге эки жолу жүрүш кылып, анын биринде өзү кыргыздардын колуна түшүп калган. 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-жылдары Абылай хан кайрадан Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан бир нече жолу жасаган жортуулдарынан (кара: Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыргыны, Кыргыздар) кийин кыргыз-казактардын аттуу-баштуу бийлеринин атынан эки элдин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн (кара: Түлөберди баатыр). Ал бүтүмгө карабай, казактардын чанчкылы уруусунун баатыры Бердикожо Иле дарыясынын оң жээги, Егенсуунун (Каратал менен Лепси сууларынын аралыгы) башынан конуш алып, кыргыздарга каршы жортуулун уланта берген. 1783-жылы 13-июлда Семипалатинск чебине биринчи жолу барган Бердикожо өзүлөрүнүн тоолук (түп нускада – жапайы) кыргыздар менен 18 жылдан бери чогуу, кошуна турганын айткан. Орус аскер кызматчыларынын маалыматы боюнча кандайдыр бир жаңжал чыкса «Жидысу» тарапка чегинип кеткен. 1785-жылы октябрь айында Бердикожо жети болуштан баш-аягы 500 киши менен кыргыздарды чабууга аттанып келе жатып, 1500 цин аскерине жолуккан. Ал жерден цин аскеринин башчылары өзүлөрүнө караштуу элди кыргыздар чаап, 2500 жылкысын олжо кылып кеткенин айтып, аны кайтарып алуу үчүн Бердикожодон жардам сураган. Натыйжада алар биригип, Бердикожо Аягөз, цин аскери Иле тараптан жортуул жасап, кыргыздарды катуу чапкан. Бердикожонун тынч жүрбөгөнү, ошондой эле мойну узун болгондуктан аны Эсенкул баатыр «казык моюн казак» атыктырганы тууралуу оозеки маалыматтарда көп жолугат. Алардын биринде чанчкулу Бердикожо баатыр көп аскер менен келип, Чүй суусунун жээгинен солто уруусуна кол салып, асылбаш уругунан 83 жаштагы Ныша баатырды өлтүргөн. Кийинки жылы Нышанын кунун куумак болгон Эсенкул баатыр кол жыйнап, Үч-Алматыдан аттанып, Ысык-Көлдүн башындагы токойлордон Бердикожо колу менен эс алып жатканын көрүшөт. Аңдып туруп, түн киргенде кол салып, көбүн колго түшүрүшкөн. Бердикожо качып бара жатканда сарыбагыштын жантай уругунан Боктурбай уулу Кудайбакты деген аны кармап алган. Бирок достошуп, ат-тон берип, узатып жиберген. Анысы кийин билинип калып, ушул себептен бүткүл арка кыргызы «Кудайбактыны кудай какты» деп жектешкени айтылат. Башка бир фольклордук маалыматта Эсенкул баатыр Бердикожонун дайнын билип келүү үчүн солтодон Бөрүбай баатыр, бөлөкбайдан Мырза, сарыбагыштан 2 адамды баш кылып, 80 кишини чалгынга жибергени айтылат. Алар топ-топ болуп, күндүзү бекинип, түнкүсүн жол жүрүп баратканда Бөрүбайдын алдынан Бердикожонун өзү чыгып, аны колго түшүрүп алат. Аны айылына алып барып, кыл чылбырлап колун байлап коет. Бир убакта Бөрүбай чылбырды тиши менен кыйып алып, Бердикожонун Көкчолок деген күлүгүн мине качат. Ошондо Бердикожо «сени кууган менен Көкчолок жеткирбейт, куттуу болсун күлүгүң» деп кала берген. Чалгынчылар Кордойдогу элине келип, Бердикожонун так дайынын билдиришет. Эсенкул баатыр жанына таңдамалуу 500 киши менен түн ичинде келип, Бердикожо баатырдын айылын курчап калган. Ал туюп калып, үйүнүн эшигин ачып, найза-кылычын алып, карап турган болот. Эсенкул үйдү көтөрө салып, аңтарып жибергенде, Бөрүбай баатыр байлап алган. Көп казак туткунга түшкөн, бирок Эсенкул баатыр, башкалардын «бүчү-бүлдүргүсүнө» да тийдирбей коё бердирип, «биздин издегенибиз Бердикожо болчу» деп, анын башын алышкан. Бердикожонун кыргыздар менен болгон акыркы салгылашуусу тууралуу тоболдук татар, тилмеч жана молдо Киленей Мамлимден 1786-жылы 13-февралда укканын орус аскер кызматкери И. Андреев да эскерип кеткен. Ал негизинен кыргыз санжыраларынан анча  айырмаланбай, болгону колго түшкөн Бердикожонун өлүмү бир аз башкача баяндалат. Аны бир кыргыз атына учкаштырып алып, башчысы Эсенкулга (Исенгильди) алып бара жатканда, акыры соо калбасын билген Бердикожо кончуна катып жүргөн бычагын алып, алдындагы кыргызды сайып өлтүргөн. Ага ачуусу келген кыргыздар ошол жерден Бердикожонун башы кесип алган. И. Андреевдин маалыматында бул окуя 1786-жылы январь айында болуп, анын артында Секолян бир тууганы, ошондой эле Лепес, Чок жана экөөнүн аты белгисиз – төрт баласы калган. Кийин Бердикожонун кунун кууган туугандары кыргыздарга бир жолу кол салып, «Исенгильдынын» бир баласын (айрым санжыраларда ал Эсенкулдун Найман деген уулу болгон) колго түшүрүп, айылына алып барып, бычактап өлтүрүшкөн. Бердикожонун өлүмүнөн кийин кыргыз-казак мамилеси акырындык менен оңоло баштаган.

Ад.: Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.) 2 часть. А., 1989; Бала Айылчынын санжырасы //Кыргыз санжырасы (Ала-Тоо журналынын тиркемеси). Б., 1994; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996; Солотоноев Б. Кыргыз тарыхы. Б., 2003; Андреев И. Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. Астана, 2007; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Шанышкылы Бердикожа батыр. Астана. 2009.

Э. Турганбаев