Difference between revisions of "ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2))
 
(12 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-к-дын акырында Г. у. азыркы Борб. Монголия <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Г. у. дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-к-да Г. у-нын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-к-дын ортосунда Г. у. Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-ж. Г. у-нын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түш. гунндар деп аталып калган. Түн. гунндар б. з. 1-к-ынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түн. Г. у-нын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түн. Г. у-нын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түш. Г. у. Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-к-га чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен. <br>
'''ГУННДАР (ХУННДАР)''' — [[Борбордук Азия]]дагы байыркы [[көчмөн уруулар]]ынын конфедерациясы. Өзүлөрүн кандай атаганы азырынча белгисиз, мындай аталыш байыркы кытай тарыхында «xiōngnú» түрүндө сакталып калган. Окулушу боюнча «[[сюнну]]» жана ал бир эле [[этноним]]дин эки башка тыбышта айтылышы болуп эсептелет. Байыркы кытай тилинин [[фонетика]]лык өзгөчөлүгүнө байланыштуу биринчисинин айтылышын алгач Н. Я. [[Бичурин]] (Иакинф) колдонгон. Алар менен узак убакыт бою каршылашып келген кытайлыктар көчмөндөрдүн өз аталышына тиешелүү [[эндоэтноним]]ге эки [[иероглиф]] (тамга) кошуп, «сюн (хун)» зулум (залим), «ну» – кул деген маанидеги сөзгө өзгөртүшкөн. Көптөгөн уламыштарды пайдаланган кытай тарыхчылары гунндарды б. з. ч. 1764-жылы [[Гоби]] [[чөлү]]нө чектеш аймактарга (азыркы [[Моңголия]]) ооп кеткен Хя династиясынын акыркы падышасынын уулу Шунь-вэй негиздегенин жана алар ''[[дун-ху]]лар'' менен тектеш уруулар катары белгилешкен. Андан мурун гунндардын түпкү атасы Хун-ну Шы-Цзу болгону жана Яо падышанын тушунда «хунь-юй», Чжеу династиясында «хяньюнь», [[Цинь династиясы]]нда «хунну» деп аталганы айтылып, алар тууралуу жалпы маалыматтар б. з. ч. 220-жылдан б. з. 2-кылымына чейин уланат. Мусулман тарыхчылары (мис., [[Хондемир]], [[Абул-газы бахадур хан]]) боюнча хунндар Могул-хандын тукуму катары таанылат. Гунндардын ордосу Хангайдын  этегинде ([[Орхон]]го жакын) туруп; [[Байкал]] көлүнүн түштүгүндөгү Калгандан (азыркы КЭРдеги Чжанцзякоу округу) тарта батыштагы [[Тарбагатай]] тоосун камтыган. Дун-хулар болсо Татар-хандын тукумуна кирип, алардын ээлиги Калгандын түндүгүнөн Хинган тоосуна чейин созулган. Өлкөсү ыңгайлуу жерде жайгашканына байланыштуу дун-хулар адегенде гунндарга үстөмдүк кылып келишкен, бирок б. з. ч. 209-жылы алардын катуу соккусунан толук кыйроого учураган. Узак убакытты камтыган гунндардын доорунда алардан [[жужань]] (жуан-жуан), дулга ([[түрк]]), ойхор (хойху – [[уйгур]]лар), ал эми дун-хулардан ухуань, сяньби, кидандар бөлүнүп чыкканы айтылат. Байыркы мезгилде гунндардын негизги 24 уруусунун бийлери (ваньци) белгиленген бир мөөнөттө, атайы бир жерге чогулуп, башкы бийин (байыркы кытай тилинде «цзюньчжан»), княздарды («цзюнь ван») жана жөнөкөй «ван» (князь) сыяктуу бир нече баскычтагы бийлик башчыларын шайлашкан. Жогорку же башкы бий болуп шайланууга Люаньди (Сюйляньти, Люаньти) уруусунан чыккан кол башчылар гана укуктуу болгон, мындай салт гунндардын империясы кулаганга чейин уланган. Б. з. ч. 3 к. баштап Гунн империясынын башчылары [[шанүй]] («шаньюй») деген [[титул]] менен атала баштайт. Томан (Тоумань, Тумань, Түмөн) жана анын улуу уулу [[Маодунь]] (''Модэ'' – б. з. ч. 234–174) сыяктуу шанүйлөр ушул уруудан чыккан. Кытай тарыхында гунндар асманды «чэн-ли» (теңири), балдарын «гу-ду» дешкендиктен, шанүйлөрүн да «Чэн-ли гу-ду шань-юй» деп аташканын эскертишет. «Шанүй» деген сөздү чечмелегенде ал «кеңири» дегенди билдирип, бул титул «көк асмандай чексиз, учу-кыйры жок» деген маани берген. Б. з. ч. 5-кылымдан Кытайга түндүктөн коркунуч туудуруп, кол сала башташкан. Алардан коргонуу үчүн Кытайдын түндүгүндө чеп-дубал курула баштап, ал кийин [[Кытайдын Улуу дубалы]] деген ат менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 209-жылы Модэ шанүй гунндардын империясын негиздеп, дун-хулардан кийин батыштагы [[юэчжи]] урууларын талкалаганда, алар [[Бактрия]]''га'' жылган. Кыргыздар тууралуу алгачкы тарыхый маалымат Модэ шанүйдүн б.з.ч. 209–201-жылдар аралыгында «түндүктөгү» хуньюй, кюеше (кыпчак), [[динлин]], [[гэгунь]] (кара: [[Байыркы кыргыздар]]), цайли (синьли) ээликтерин багындырган окуяларга байланыштуу айтылган жана ушул эле учурда [[Хан империясына]] (б. з. ч. 206–б. з. 220) каршы согуш баштаган. Император ар бир шанүйгө падышанын кызын берип, жыл сайын белек тартуулап турууга аргасыз болуп, тынчтык келишимин түзгөн. Бирок ал келишим так сакталбай, гунндардын кол салуусу мезгил-мезгили менен улана берген. Ушундай шартта гунндарга каршы башкача чара колдонуп, алардын арт жагынан коркунуч туудуруу керектигин түшүнгөн император (б. з. ч. 141–б. з. ч. 87-жылдар) [[У-Ди]] б. з. ч. 138-жылы юечжилерге элчи кылып, [[Ч]][[жан Цян]]ды жөнөткөн. Мындан майнап чыкпай, мекенине отуз жыл өткөндөн кийин кайтып келген элчи гунндардын батышынан (азыркы [[Орто Азия]]) Каспий деңизине чейин жашаган элдер тууралуу эң алгачкы маалыматтарды жеткирген. Түндүк жана түштүктөгү көчмөн уруулары багындырылган кийин хунндар күчтүү империяга айланган. Кытай тарыхчылары боюнча көптөгөн майда урууларга тараган гунндардын ичинде Хуян, Лан жана Сюйбу – үч уруунун мартабасы өтө жогору туруп, Хуян менен Сюйбу шанүйдүн тукумунан кыз алып, кыз берүүгө укуктуу болгон. Сюйбулар мамлекетте сот кызматын аткарган. Булардан тышкары 24 чоң уруунун ар бирин бийлеген өз «түмөн башылары» (ван-ки) болгон. Бийлик даражасы атадан-балага мурас катары ѳтүп, шанүйдөн кийин 1) Чыгыш жана Батыш Чжуки-князь; 2) Чыгыш жана Батыш Лули-князь; 3) Чыгыш жана Батыш улуу кол башчы; 4) Чыгыш жана Батыш улуу Дуюй; 5) Чыгыш жана Батыш улуу Данху; 6) Чыгыш жана Батыш Гуду-хэулар турган. Акылман-кеңешчилерин «Чжуки» деп аташып, тактын мураскорлугуна дайым чыгыш Чжуки-князь дайындалган. Чыгыштан жана Батыш Чжуки-княздан Данхуга чейин жогорку башчылар 10 миң, ал эми төмөнкүлөрү бир нече миң атчан аскер күтө алган. Бардык жумуштар жылдыз же айдын жайгашына карата башталган. Жоого ай толгондо аттанып, ай кемий баштаганда чыкпай калышкан. Ай жаңырган алгачкы күндөрдү ыйык тутуп, аны «Сюй» жана «Сы» деп аташкан. Өлгөн адамды табытка салып көөмп, алтын же күмүштөлгөн кымкап жана жанат терилерди кийиндирип көмүшкөн. Өлгөн адам менен бирге жүздөн бир нече жүзгө чейин жакын [[нөкөр]]лөр жана күңдөрдү кошо коюшкан. Атасы же жакын туугандары өлсө, алардын тукумун үзбөө жана ''жесир'' калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоо үчүн ал аялды жакын туугандарынын (кара; [[левират]]) бири алган. Негизги чарбасы мал менен тыгыз байланышып, жыл мезгилине жараша бир жерден экинчи жерге тынымсыз конуш которуп турушкан. Каада-салтын аткаруу өтө жеңил болгон жана падышасы өзүнөн төмөн турган кызматчыларга жөнөкөй мамиле кылгандыктан, мамлекетти башкарууда эч кыйынчылык болбогон. Б. з. ч. 1-кылымдын орто ченинде гунн уруулары Кытайга сөз жүзүндө гана убактылуу баш ийип, б. з. 50-жылдары империя экиге бөлүнгөндөн кийин чыгыштагы гунндардын шанүйү Хуханье II (48–55) Соңку (Чыгыш) Хань императору (25–57) Гуан У-диге толук баш ийгенинин урматына мурунку «сюн/ну» (зулум, залим) деген сөз «гун/ну» (урматтуу, адептүү) иероглифине алмаштырылган. Батыш гунндар Орто Азияга чегинип, көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде ушул мезгилдерде гунндар түрк, чыгыш сармат жана угор уруулары менен аралашып кеткен. Б. з. 93-жылы сяньби, динлиндер менен коалиция түзүшкөн кытайлыктар Турпан аймагында гунндарга катуу сокку урган. 155-жылы [[Т|Тяншихуай]] башчылык кылган сяньбилер аларды акыркы жолу талкалап, бытыранды болуп, 158-жылы алардын бир бөлүгү Волгадан Дон суусуна жеткен. Европадагы гунндар ушулардын тукуму катары каралат. Байыркы гунндардын түпкү теги жана алардын тили тууралуу азырынча бир кылка көз караш жок. Кытай маалыматтарында сакталып калган айрым «ченли» («теңир»), байыркы түрк тилиндеги «утаг» (кыргызча «отоо», өзбекче «утов», казакча «отау» – кыт. «оуто»; кыргызча «отоо башы», кыт. «оуто-ван»), «кыңырак» (бычак), «орун» сыяктуу бир нече сөздөр азыркы түрк тилдүү элде сакталып калган. Кийинки учурда гунндарды моңгол (Н. Я. Бичурин), енисейлик (Э. Пуллиблэнк), түрк-моңгол (Г. Рамстедт, Г. Дёрфер); таза түрк (Ю. Клапрот, О. Прицак, Л. Гумилев, А. Дыбо), чыгыш иран (Г. Бейли) сыяктуу бир нече карама-каршы теориялар калыптанган.  
 
Ад.: Иностранцев К. А. Хунну и гунны. Л., 1926; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Таскин B. C. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М.,1968; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов. //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Таскин В. С. О титулах шаньюй и каган //Mongolica. Памяти академика Б. Я. Владимирцова (1884-1931). М.,1986; Тенишев Э. Р. Гуннов язык //Языки мира: Тюркские языки. Б., 1996; Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Сыма Цянь, Исторические записки. Т. 8. М., 2002.<br>
[[Категория:Жаңы макалалар]]

07:35, 10 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку версиясы

ГУННДАР (ХУННДАР)Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн урууларынын конфедерациясы. Өзүлөрүн кандай атаганы азырынча белгисиз, мындай аталыш байыркы кытай тарыхында «xiōngnú» түрүндө сакталып калган. Окулушу боюнча «сюнну» жана ал бир эле этнонимдин эки башка тыбышта айтылышы болуп эсептелет. Байыркы кытай тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу биринчисинин айтылышын алгач Н. Я. Бичурин (Иакинф) колдонгон. Алар менен узак убакыт бою каршылашып келген кытайлыктар көчмөндөрдүн өз аталышына тиешелүү эндоэтнонимге эки иероглиф (тамга) кошуп, «сюн (хун)» – зулум (залим), «ну» – кул деген маанидеги сөзгө өзгөртүшкөн. Көптөгөн уламыштарды пайдаланган кытай тарыхчылары гунндарды б. з. ч. 1764-жылы Гоби чөлүнө чектеш аймактарга (азыркы Моңголия) ооп кеткен Хя династиясынын акыркы падышасынын уулу Шунь-вэй негиздегенин жана алар дун-хулар менен тектеш уруулар катары белгилешкен. Андан мурун гунндардын түпкү атасы Хун-ну Шы-Цзу болгону жана Яо падышанын тушунда «хунь-юй», Чжеу династиясында «хяньюнь», Цинь династиясында «хунну» деп аталганы айтылып, алар тууралуу жалпы маалыматтар б. з. ч. 220-жылдан б. з. 2-кылымына чейин уланат. Мусулман тарыхчылары (мис., Хондемир, Абул-газы бахадур хан) боюнча хунндар Могул-хандын тукуму катары таанылат. Гунндардын ордосу Хангайдын  этегинде (Орхонго жакын) туруп; Байкал көлүнүн түштүгүндөгү Калгандан (азыркы КЭРдеги Чжанцзякоу округу) тарта батыштагы Тарбагатай тоосун камтыган. Дун-хулар болсо Татар-хандын тукумуна кирип, алардын ээлиги Калгандын түндүгүнөн Хинган тоосуна чейин созулган. Өлкөсү ыңгайлуу жерде жайгашканына байланыштуу дун-хулар адегенде гунндарга үстөмдүк кылып келишкен, бирок б. з. ч. 209-жылы алардын катуу соккусунан толук кыйроого учураган. Узак убакытты камтыган гунндардын доорунда алардан жужань (жуан-жуан), дулга (түрк), ойхор (хойху – уйгурлар), ал эми дун-хулардан ухуань, сяньби, кидандар бөлүнүп чыкканы айтылат. Байыркы мезгилде гунндардын негизги 24 уруусунун бийлери (ваньци) белгиленген бир мөөнөттө, атайы бир жерге чогулуп, башкы бийин (байыркы кытай тилинде «цзюньчжан»), княздарды («цзюнь ван») жана жөнөкөй «ван» (князь) сыяктуу бир нече баскычтагы бийлик башчыларын шайлашкан. Жогорку же башкы бий болуп шайланууга Люаньди (Сюйляньти, Люаньти) уруусунан чыккан кол башчылар гана укуктуу болгон, мындай салт гунндардын империясы кулаганга чейин уланган. Б. з. ч. 3 к. баштап Гунн империясынын башчылары шанүй («шаньюй») деген титул менен атала баштайт. Томан (Тоумань, Тумань, Түмөн) жана анын улуу уулу Маодунь (Модэ – б. з. ч. 234–174) сыяктуу шанүйлөр ушул уруудан чыккан. Кытай тарыхында гунндар асманды «чэн-ли» (теңири), балдарын «гу-ду» дешкендиктен, шанүйлөрүн да «Чэн-ли гу-ду шань-юй» деп аташканын эскертишет. «Шанүй» деген сөздү чечмелегенде ал «кеңири» дегенди билдирип, бул титул «көк асмандай чексиз, учу-кыйры жок» деген маани берген. Б. з. ч. 5-кылымдан Кытайга түндүктөн коркунуч туудуруп, кол сала башташкан. Алардан коргонуу үчүн Кытайдын түндүгүндө чеп-дубал курула баштап, ал кийин Кытайдын Улуу дубалы деген ат менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 209-жылы Модэ шанүй гунндардын империясын негиздеп, дун-хулардан кийин батыштагы юэчжи урууларын талкалаганда, алар Бактрияга жылган. Кыргыздар тууралуу алгачкы тарыхый маалымат Модэ шанүйдүн б.з.ч. 209–201-жылдар аралыгында «түндүктөгү» хуньюй, кюеше (кыпчак), динлин, гэгунь (кара: Байыркы кыргыздар), цайли (синьли) ээликтерин багындырган окуяларга байланыштуу айтылган жана ушул эле учурда Хан империясына (б. з. ч. 206–б. з. 220) каршы согуш баштаган. Император ар бир шанүйгө падышанын кызын берип, жыл сайын белек тартуулап турууга аргасыз болуп, тынчтык келишимин түзгөн. Бирок ал келишим так сакталбай, гунндардын кол салуусу мезгил-мезгили менен улана берген. Ушундай шартта гунндарга каршы башкача чара колдонуп, алардын арт жагынан коркунуч туудуруу керектигин түшүнгөн император (б. з. ч. 141–б. з. ч. 87-жылдар) У-Ди б. з. ч. 138-жылы юечжилерге элчи кылып, Чжан Цянды жөнөткөн. Мындан майнап чыкпай, мекенине отуз жыл өткөндөн кийин кайтып келген элчи гунндардын батышынан (азыркы Орто Азия) Каспий деңизине чейин жашаган элдер тууралуу эң алгачкы маалыматтарды жеткирген. Түндүк жана түштүктөгү көчмөн уруулары багындырылган кийин хунндар күчтүү империяга айланган. Кытай тарыхчылары боюнча көптөгөн майда урууларга тараган гунндардын ичинде Хуян, Лан жана Сюйбу – үч уруунун мартабасы өтө жогору туруп, Хуян менен Сюйбу шанүйдүн тукумунан кыз алып, кыз берүүгө укуктуу болгон. Сюйбулар мамлекетте сот кызматын аткарган. Булардан тышкары 24 чоң уруунун ар бирин бийлеген өз «түмөн башылары» (ван-ки) болгон. Бийлик даражасы атадан-балага мурас катары ѳтүп, шанүйдөн кийин 1) Чыгыш жана Батыш Чжуки-князь; 2) Чыгыш жана Батыш Лули-князь; 3) Чыгыш жана Батыш улуу кол башчы; 4) Чыгыш жана Батыш улуу Дуюй; 5) Чыгыш жана Батыш улуу Данху; 6) Чыгыш жана Батыш Гуду-хэулар турган. Акылман-кеңешчилерин «Чжуки» деп аташып, тактын мураскорлугуна дайым чыгыш Чжуки-князь дайындалган. Чыгыштан жана Батыш Чжуки-княздан Данхуга чейин жогорку башчылар 10 миң, ал эми төмөнкүлөрү бир нече миң атчан аскер күтө алган. Бардык жумуштар жылдыз же айдын жайгашына карата башталган. Жоого ай толгондо аттанып, ай кемий баштаганда чыкпай калышкан. Ай жаңырган алгачкы күндөрдү ыйык тутуп, аны «Сюй» жана «Сы» деп аташкан. Өлгөн адамды табытка салып көөмп, алтын же күмүштөлгөн кымкап жана жанат терилерди кийиндирип көмүшкөн. Өлгөн адам менен бирге жүздөн бир нече жүзгө чейин жакын нөкөрлөр жана күңдөрдү кошо коюшкан. Атасы же жакын туугандары өлсө, алардын тукумун үзбөө жана жесир калган аялды жетим балдары менен жалгыз калтырбоо үчүн ал аялды жакын туугандарынын (кара; левират) бири алган. Негизги чарбасы мал менен тыгыз байланышып, жыл мезгилине жараша бир жерден экинчи жерге тынымсыз конуш которуп турушкан. Каада-салтын аткаруу өтө жеңил болгон жана падышасы өзүнөн төмөн турган кызматчыларга жөнөкөй мамиле кылгандыктан, мамлекетти башкарууда эч кыйынчылык болбогон. Б. з. ч. 1-кылымдын орто ченинде гунн уруулары Кытайга сөз жүзүндө гана убактылуу баш ийип, б. з. 50-жылдары империя экиге бөлүнгөндөн кийин чыгыштагы гунндардын шанүйү Хуханье II (48–55) Соңку (Чыгыш) Хань императору (25–57) Гуан У-диге толук баш ийгенинин урматына мурунку «сюн/ну» (зулум, залим) деген сөз «гун/ну» (урматтуу, адептүү) иероглифине алмаштырылган. Батыш гунндар Орто Азияга чегинип, көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде ушул мезгилдерде гунндар түрк, чыгыш сармат жана угор уруулары менен аралашып кеткен. Б. з. 93-жылы сяньби, динлиндер менен коалиция түзүшкөн кытайлыктар Турпан аймагында гунндарга катуу сокку урган. 155-жылы Тяншихуай башчылык кылган сяньбилер аларды акыркы жолу талкалап, бытыранды болуп, 158-жылы алардын бир бөлүгү Волгадан Дон суусуна жеткен. Европадагы гунндар ушулардын тукуму катары каралат. Байыркы гунндардын түпкү теги жана алардын тили тууралуу азырынча бир кылка көз караш жок. Кытай маалыматтарында сакталып калган айрым «ченли» («теңир»), байыркы түрк тилиндеги «утаг» (кыргызча «отоо», өзбекче «утов», казакча «отау» – кыт. «оуто»; кыргызча «отоо башы», кыт. «оуто-ван»), «кыңырак» (бычак), «орун» сыяктуу бир нече сөздөр азыркы түрк тилдүү элде сакталып калган. Кийинки учурда гунндарды моңгол (Н. Я. Бичурин), енисейлик (Э. Пуллиблэнк), түрк-моңгол (Г. Рамстедт, Г. Дёрфер); таза түрк (Ю. Клапрот, О. Прицак, Л. Гумилев, А. Дыбо), чыгыш иран (Г. Бейли) сыяктуу бир нече карама-каршы теориялар калыптанган.  

Ад.: Иностранцев К. А. Хунну и гунны. Л., 1926; Бичурин (Иакинф) H. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.-Л., 1950; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1961; Таскин B. C. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М.,1968; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов. //История и культура Китая (Сборник памяти академика В.П. Васильева). М., 1974; Таскин В. С. О титулах шаньюй и каган //Mongolica. Памяти академика Б. Я. Владимирцова (1884-1931). М.,1986; Тенишев Э. Р. Гуннов язык //Языки мира: Тюркские языки. Б., 1996; Кычанов Е. И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. М., 1997; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Сыма Цянь, Исторические записки. Т. 8. М., 2002.