Difference between revisions of "“КАПИТАЛ”"
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
"КАПИТАЛ" | '''"КАПИТАЛ"'''—К. Маркстын эң негизги залкар эмгеги. “Капиталды” жазууда ал өзүнөн мурунку улуу экономисттердин эмгектерин окуп чыгып, аларга карата сын-пикирлерин айткан жана ошону менен катар капиталдын өнүгүшүнүн экономикалык закондорун, коомдо үстөмдүк кылып турган мамлекеттин саясатынын принциптерин, жоболорун, капитализмдин рыноктук экономикасынын маани-маңызын жана негиздерин кылдат изилдеп чыгып, каитализмдин кемчиликтерин жана мүчүлүштүктөрүн тапкан, ошондой эле ал системанын принциптерин жана өнүгүү жолдорун негиздеген. К. Маркс “Капиталды” жаратууда 40 жылдан ашык убактысын зарптаган (1843–83).
К. Маркстын экономикалык теориясындагы эң эор ачылыш – кошумча нарк жөнүндө теориясы, ал “Капиталдын” тунгуч варианты “Саясий экономикага сын” деген эмгегинде баяндалган. К. Маркс капиталистик эзүүнүн механизмдерин ачып ашкерелеп, анын өндүрүш ыкмасынын ички законуна ылайык нарк законунан чыгуучу, жумушчу табы түзгөн кошумча наркты капиталисттердин эч бир демократияга, адам укутарын сактоо деген принциптерге карабай туруп ээлеп аларын мындан бир кылым мурда эле айтып,көргөзгөн. Ошону менен катар өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү мурдагы коомдук экономикалык формацияларга салыштырганда жогору экендиги жөнүндө тыянак чыгарган. Нарк теориясы менен акча теориясын камтыган “Саясий экономикага сын” деген эмгегинде, ал тарыхты материалисттик көз карашта түшүнүү тууралуу өзүнүн классикалык аныктамасын берген.
К. Маркстын 19-кылымдын 50-жылдардагы экономикалык изилдөөсү 1857–60-жылдардагы даярдалган “алты китеп планы” негизинде жүргүзүлөт (“Капитал жөнүндө”, “Жер менчиги”, “Жалданма эмгек”, “Мамлекет”, “Тышкы соода”, ” Дүйнөлүк рынок”). 1866-жылы К. Маркс “Капиталдын” 1-томун басмага даярдоого киришип, ал 1867-жылы жарык көрөт. Бул китебинде мурдагы изилдөөлөрүнүн негизинде капиталисттик өндүрүштү иликтеп, товарды, ошондой эле товарды түзүүчү эмгектин эки жактуулугун талдайт. Мындан тышкары жумушчу табынын экономикалык күрөшүнүн тарыхына байкоо жүргүзүп, анын келип чыгышындагы карама-каршы тенденцияларды ачкан. Эмгек акы категориясынын эки формасын бардык жактан кеңири талдаган. Кийинки жылдары К. Маркс “Капиталдын” 2- жана 3-томдорунун кол жазмаларын карап чыгып бирок аларды басмага даярдоого үлгүрбөй калган. К. Маркс дүйнөдөн кайкандан кийин Ф. Энгельс “Капиталдын” 2- жана 3-томдорун басмага даядап чыгаруу үчүн чоң эмгек жумшаган. 1885-жылы ал 2-томун, 1895-ж. 3-томун жарыкка чыгарган. 1954–61-жылдарда КПСС БКнын Марксизм-ленинизм институту тарабынан даярдалган “Кошумча нарк теориясынын” биринчи нускасы “Капиталдын” 4-тому болуп саналат.
Ж. Арзыкулов.

К. Маркстын | [[Категория:Жаңы макалалар]] | ||
К. Маркстын | |||
Ж. Арзыкулов.

13:20, 5 Декабрь (Бештин айы) 2024 -га соңку версиясы
"КАПИТАЛ"—К. Маркстын эң негизги залкар эмгеги. “Капиталды” жазууда ал өзүнөн мурунку улуу экономисттердин эмгектерин окуп чыгып, аларга карата сын-пикирлерин айткан жана ошону менен катар капиталдын өнүгүшүнүн экономикалык закондорун, коомдо үстөмдүк кылып турган мамлекеттин саясатынын принциптерин, жоболорун, капитализмдин рыноктук экономикасынын маани-маңызын жана негиздерин кылдат изилдеп чыгып, каитализмдин кемчиликтерин жана мүчүлүштүктөрүн тапкан, ошондой эле ал системанын принциптерин жана өнүгүү жолдорун негиздеген. К. Маркс “Капиталды” жаратууда 40 жылдан ашык убактысын зарптаган (1843–83).