Difference between revisions of "АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО)"
м (Dilde moved page АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО to АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО)) |
|
(Айырма жок)
|
10:42, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку версиясы
АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО) (Workstation-Автоматизированное рабочее место). АЖО – бул автоматташтырылган жумуш орун, ал компьютер негизинде түзүлөт жана тиешелүү жабдуулар менен программалык жабдыктарды камтыйт. АЖО башкаруучу кызматкердин профессионалдык милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон маалыматтык ресурстар, программалык-техникалык жана уюштурууу технологиялык жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын комплексин билгизет. АЖОнун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана жиберет, кеңешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштурат, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтер ж.б. АЖОлору кеңири белгилүү.