Difference between revisions of "ГЕОСАЯСАТ"
new2022_2vol>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''ГЕОСАЯСАТ'''– дүйнөлүк саясаттын теориялык жана практикалык маселелерин, өнүгүү тенденциялары менен мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле анын эл аралык турмушта кандай милдеттерди аткара тургандыгын окутуп-үйрөткөн саясат илимдеринин багыты. Геосаясаттын тарыхый жактан орношу географиялык мейкиндик факторлорун изилдөөлөргө, мамлекеттер аралык өз ара карым-катыш маселелери менен коомдук турмуштагы факторлорго, ошондой эле ушул факторлордун чөлкөмдүк, регионалдык, континенталдык жана глобалдык процесстерге тийгизген таасирин анализдөөгө байланыштуу. Геосаясаттын алгачкы принциптери 19-кылымдын аягында белгилүү германиялык географ Ф. Ратцелдин “Саясий география” деген эмгегинде сунушталган. Геосаясаттын өнүгүшүнө кыйла таасирдүү салымды 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Р. Челлен, А. Т. Мэхэн, Х. Маккиндер ж. б. кошкон. Алардын ою боюнча геосаясаттын максаты кандайдыр бир тигил же бул территорияга саясий же аскердик контроль орнотуу болгон. 1904-жылы Х. Маккиндер өзүнүн “Тарыхтын географиялык огу” деген докладында, ким Чыгыш Европаны контролдосо, ал “ Хартленди” контролдойт, демек “Хартленди” ким контролдосо, ал “дүйнөлүк аралды” башкача айтканда Европа, Азия жана Африканы контролдойт деген жыйынтык чыгарган. Анын геосаясат тууралуу тезиси германиялык геосаясат мектеби тарабынан андан ары өнүктүрүлүп, “өтө зарыл мейкиндик” идеясын ойлоп таап, мамлекеттик ишмердиктин негизги идеологиясы “жашоого ыңгайлуу мейкиндикти” кеңейтүү керек деген жыйынтыкка токтолгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда АКШ дүйнөлүк лидер болуу үчүн эл аралык саясатта жаңыча мамилелердин теориясын иштеп чыга баштаган. 2-дүйнөлүк согуштун бүтүшү менен геосаясат фашистик Германиянын идеологиясы менен ассоцияция болуп, кийин ал “кансыз согуштун” күчөшүнө түрткү берген; эки союздук лагердин ортосунда конфронтация күчөп, саясий-согуштук блоктордун тирешүүсү башталган. Геосаясаттын калыптануусу азыркы турмуштун түшүнүгүнөн алганда ал коомдук турмуштун маанилүү тармактарында интернационализация процесстерин күчөткөн информациялык-телекоммуникациялык революция менен башталган. 1990-жылдардын 2-жарымынан тарта дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасындагы туруксуздук, дүйнөлүк коомчулуктун фрагментациясы, социалдык жана экономикалык процесстер күчөп, өз ара бири-бири менен тыгыз байланыштагы илимий багыт ( мироведение жана глобалистика аталган) пайда болуп, анын изи менен сапаттык жактан жаңы геосаясат пайда болду. Геосаясат түшүнүгү кээ бир адабияттарда дүйнөлүк саясатта ачык көрүнүп турган мамлекеттик тышкы саясаттын аракеттери ( аскер базаларын орнотуу, куралдуу кагылышууларга катышуу ж. б.) аталат.

[[Категория:Жаңы макалалар]] | |||
11:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
ГЕОСАЯСАТ– дүйнөлүк саясаттын теориялык жана практикалык маселелерин, өнүгүү тенденциялары менен мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле анын эл аралык турмушта кандай милдеттерди аткара тургандыгын окутуп-үйрөткөн саясат илимдеринин багыты. Геосаясаттын тарыхый жактан орношу географиялык мейкиндик факторлорун изилдөөлөргө, мамлекеттер аралык өз ара карым-катыш маселелери менен коомдук турмуштагы факторлорго, ошондой эле ушул факторлордун чөлкөмдүк, регионалдык, континенталдык жана глобалдык процесстерге тийгизген таасирин анализдөөгө байланыштуу. Геосаясаттын алгачкы принциптери 19-кылымдын аягында белгилүү германиялык географ Ф. Ратцелдин “Саясий география” деген эмгегинде сунушталган. Геосаясаттын өнүгүшүнө кыйла таасирдүү салымды 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Р. Челлен, А. Т. Мэхэн, Х. Маккиндер ж. б. кошкон. Алардын ою боюнча геосаясаттын максаты кандайдыр бир тигил же бул территорияга саясий же аскердик контроль орнотуу болгон. 1904-жылы Х. Маккиндер өзүнүн “Тарыхтын географиялык огу” деген докладында, ким Чыгыш Европаны контролдосо, ал “ Хартленди” контролдойт, демек “Хартленди” ким контролдосо, ал “дүйнөлүк аралды” башкача айтканда Европа, Азия жана Африканы контролдойт деген жыйынтык чыгарган. Анын геосаясат тууралуу тезиси германиялык геосаясат мектеби тарабынан андан ары өнүктүрүлүп, “өтө зарыл мейкиндик” идеясын ойлоп таап, мамлекеттик ишмердиктин негизги идеологиясы “жашоого ыңгайлуу мейкиндикти” кеңейтүү керек деген жыйынтыкка токтолгон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда АКШ дүйнөлүк лидер болуу үчүн эл аралык саясатта жаңыча мамилелердин теориясын иштеп чыга баштаган. 2-дүйнөлүк согуштун бүтүшү менен геосаясат фашистик Германиянын идеологиясы менен ассоцияция болуп, кийин ал “кансыз согуштун” күчөшүнө түрткү берген; эки союздук лагердин ортосунда конфронтация күчөп, саясий-согуштук блоктордун тирешүүсү башталган. Геосаясаттын калыптануусу азыркы турмуштун түшүнүгүнөн алганда ал коомдук турмуштун маанилүү тармактарында интернационализация процесстерин күчөткөн информациялык-телекоммуникациялык революция менен башталган. 1990-жылдардын 2-жарымынан тарта дүйнөлүк процесстердин өнүгүү динамикасындагы туруксуздук, дүйнөлүк коомчулуктун фрагментациясы, социалдык жана экономикалык процесстер күчөп, өз ара бири-бири менен тыгыз байланыштагы илимий багыт ( мироведение жана глобалистика аталган) пайда болуп, анын изи менен сапаттык жактан жаңы геосаясат пайда болду. Геосаясат түшүнүгү кээ бир адабияттарда дүйнөлүк саясатта ачык көрүнүп турган мамлекеттик тышкы саясаттын аракеттери ( аскер базаларын орнотуу, куралдуу кагылышууларга катышуу ж. б.) аталат.