Difference between revisions of "ГРЕЧКО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)

м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы обл., Россия империясы (азыркы Ростов обл., Куйбышев р-ну, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – советтик аскер, мамлекеттик ж-а партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1. 2. 1958 ж-а 16. 10. 1973), Чехословакиянын Баатыры. Улуту украинец. 1919-ж. өз ыктыяры м-н Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Ал Жарандык согуш салгылашууларына катышып, Түш. ж-а Кавказ фронтторунда 1-Атчандар армиясынын 11-кавалериялык дивизиясында Кызыл Армиянын жоокери, Таганрогдогу ЧОН батальонунун жоокери, М. В. Кривошлыковдун буйругу м-н революциялык казак отрядынын жоокери болгон. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түн. Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түш. фронттогу генералдар А. И. Деникин ж-а П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдын май айынан 62-кавалериялык полктун командири, 1938-жылдын октябрынан Беларуссиянын атайын аскер округунун атайын кавалериялык дивизиясынын штаб башчысы болгон. 1939-ж. Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында Түштүк фронтунун 34-атчан аскер дивизиясына, 1942-жылдын 18-январынан 5-атчан аскер корпусуна, 1942-жылдын 12-мартынан Түштүк фронттун ыкчам тобуна командачылык кылган. 1942-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин Донбасс м-н Түндүк Кавказда коргонуу согуштарын жүргүзгөн 12-армияга, 1942-жылдын сентябрь айынан декабрына чейин Новороссийск ж-а Туапсе багыттарындагы 47- ж-а 18-армияларга, 1943-жылдын январынан октябрына чейин Түн. Кавказды бошотууга катышкан 56-армиянын командачысы,  1943-жылдын 16-октябрынан 15-декабрына чейин Воронеж фронтунун командачысынын орун басары (1943-жылдын 20-октябрынан 1-Украиналык фронт), 1943-ж. 15-декабрдан согуштун акырына чейин Украинаны, Польшаны ж-а Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-ж. Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-ж. Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-ж. ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-ж. апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а 1960-жылдын июнунан 1967-жылдын июлуна чейин Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967-жылдын 12-апрелинен 1976-жылдын 26-апрелине чейин СССРдин Коргоо министри болуп иштеген. Ал  Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам ж-а Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн ж-а кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөп турган. Анын жетекчилиги астында армияны ж-а аскер-деңиз флотун жаңы муундагы аскер техникалары м-н масштабдуу куралдандыруу жүргүзүлүп, ири масштабдагы стратегиялык машыгуулар өткөрүлгөн. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган, Прапорщиктер институтунун ордуна прапорщиктер ж-а прапорщиктер институту киргизилген. Ал аскердик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө көп көңүл бурган, көптөгөн аскердик окуу жайлары ачылып, окуу бөлүмдөрү, райондук окуу борборлору түзүлгөн. 1952–61-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-ж. КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдын апрелинен КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин 2-, 4-, 5-, 6-, 7-, 8- ж-а 9-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Ысымы Киев, Крымск, Славянск ж-а Ровенки ш-ндагы көчөлөргө, Москва ш-ндагы проспектилердин бирине, 1976–90-ж. Ленинграддагы аскер-деңиз академиясына берилген. Эки жолу Советтер Союзунун Баатыры катары өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулуп, анын урматына Куйбышев айылдык мектеби да аталган. Алты Ленин ордени, үч Кызыл Туу ордени, эки 1-даражадагы Суворов, эки 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
'''ГРЕЧКО Андрей Антонович''' [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы облусу, Россия империясы (азыркы Ростов облусу, Куйбышев району, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – советтик аскердик, мамлекеттик жана партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-жылы  өз ыктыяры менен Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түндүк Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түштүк фронттогу генералдар, анын ичинде Деникин жана П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-жылы Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс менен Түндүк Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск жана Туапсе багыттарындагы 47- жана 18-армиянын, 1943-жылдан Түндүк Кавказда 56-армиянын командачысы,  1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-жылы 15-декабрдан Украинаны, Польшаны жана Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-жылдары Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-жылдары Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-жылы ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-жылы апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-жылдары СССР Коргоо министри. Ал  Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам жана Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн жана кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги менен армия жана аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары менен жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-жылдары КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-жылдары КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б.  шаарларындагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 1-даражадагы Суворов, 2 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери жана медалдар менен сыйланган.

[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ГРЕЧКО Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы облусу, Россия империясы (азыркы Ростов облусу, Куйбышев району, Куйбышево айылы) – 26. 4. 1976, Москва] – советтик аскердик, мамлекеттик жана партиялык ишмер. Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-жылы өз ыктыяры менен Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түндүк Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түштүк фронттогу генералдар, анын ичинде Деникин жана П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-жылы Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс менен Түндүк Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск жана Туапсе багыттарындагы 47- жана 18-армиянын, 1943-жылдан Түндүк Кавказда 56-армиянын командачысы, 1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-жылы 15-декабрдан Украинаны, Польшаны жана Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-жылдары Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-жылдары Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-жылы ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-жылы апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары жана Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-жылдары СССР Коргоо министри. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам жана Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн жана кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги менен армия жана аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары менен жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-жылдары КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-жылдары КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б. шаарларындагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 1-даражадагы Суворов, 2 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери жана медалдар менен сыйланган.