Difference between revisions of "Давлесов Насыр"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(ДАВЛЕСОВ НАСЫР)
м (→‎top: категория кошуу)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''ДАВЛЕСОВ''' Насыр Давлесович (15. 3. 1929-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылы – 12. 2. 2011-жыл, Бишкек шаары) – совет-кыргыз композитору жана дирижёр, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1967).
'''ДАВЛЕСОВ''' '''Насыр Давлесович''' (15. 3. 1929-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылы – 12. 2. 2011-жыл, Бишкек шаары) – совет-кыргыз композитору жана дирижёр, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1967).
[[Файл:Насыр Давлесов.jpg|left|thumb|ДАВЛЕСОВ НАСЫР]]

'''Өмүрү жана чыгармачылыгы'''
'''Өмүрү жана чыгармачылыгы'''
11 -сап: 11 -сап:
Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн «Токтогулдун күүлөрү» сюитасын жана башкаларды жазган. «Айнаш», «Саанчы жеңе», «Кыргыз жери» деген ырлардын, «Суусамыр өрөөнүндө», «Комуз күүсү» аттуу даректүү тасмалардын музыкасынын автору, П. Чайковскийдин «Евгений Онегин», Ж. Вердинин «Аида», М. Абдраевдин «Олжобай менен Кишимжан» операларын, К. Молчановдун «Макбет», Ж. Пуччининин «Богема», А. Хачатуряндын «Спартак», С. Прокофьевдин «Ромео менен Жульетта», М.Раухвергердин «Чолпон» балеттерин жана башка бир катар классикалык спектаклдерди койгон жана солисттер, хор, симфониялык оркестр үчүн 20дан ашык чыгармаларда дирижёрлук кылган. Алардын арасында П. И. Чайковскийдин «Ак куу көлү», А. С. Даргомыжскийдин «Русалка», Л. Минкустун «Дон Кихот», Б. Асафьевдин «Бахчы сарай фонтаны», ошондой эле кыргыз улуттук авторлор – В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, М. Абдраев, А. Аманбаев, М.  Раухвергер, К. Молдобасанов, Ч.Нурымовдун чыгармалары бар.

Анын жетекчилиги астында даярдалган концерттик программалар Канада, Сирия, Эфиопия, Дания, Швейцария өлкөлөрүндө жогору бааланган.
Анын жетекчилиги астында даярдалган концерттик программалар Канада, Сирия, Эфиопия, Дания, Швейцария өлкөлөрүндө жогору бааланган. Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).
Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).

Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1–4-класстары үчүн «Ырдоо», «Музыка» окуу китебин (А. Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган.
Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1–4-класстары үчүн «Ырдоо», «Музыка» окуу китебин (А. Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган. 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген. Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.
1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген.
Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

'''Сыйлыктары'''
'''Сыйлыктары'''
24 -сап: 21 -сап:
1978 – Кыргыз ССР Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

1979 – Эмгек Кызыл Туу ордени
1979 – Эмгек Кызыл Туу ордени  
 
1999 – III даражадагы Манас ордени
1999 – III даражадагы Манас ордени

30 -сап: 28 -сап:

2009 – Даңк медалы
2009 – Даңк медалы
[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ДАВЛЕСОВ Насыр Давлесович (15. 3. 1929-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак айылы – 12. 2. 2011-жыл, Бишкек шаары) – совет-кыргыз композитору жана дирижёр, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1967).

ДАВЛЕСОВ НАСЫР

Өмүрү жана чыгармачылыгы

Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ойноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1944-жылы П. Ф. Шубин жетектеген эл аспаптар оркестрине кирген. 1945-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын дирижёрлук классында окуган. 1949–1956-жылдары П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын опера жана симфониялык дирижёрлук адистигине окуган (А. П. Чугуновдун студенти).

1956-жылдан К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру, 1961-жылдан дирижёр, 1983–1985-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру, ошол эле мезгилдерде В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1968-жылы Ленинград шаарындагы Киров атындагы опера жана балет театрында сыноодон өтүп, «Дон Кихот» балетине дирижёрлук кылган. 1971–1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1978-жылдан профессор, 1983–1985-жылдары кайрадан Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр, 1985–1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун эл аспаптар кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Анын чыгармачылыгына кыргыз фольклору менен терең байланыш, музыкалык-композиторлук каражаттарынын таасындыгы жана жергиликтүулүгү мүнөздүү.

«Биздин жер тууралуу ыр» (1957) жана «Жаштар кантатасы» (1978, баары 14 кантата), «Түбөлүк даңк» апофеозунун (1967), 300дөн ашык ыр, романс, хорлордун, «Айкөл Манас» аспаптык чыгармасынын (1993) автору. Н. Давлесовдун «Тактеке» симфониялык бийи (1958), вокалдык-симфониялык «Селкинчек» сүрөттөмөсү, «Чолпонбай жөнүндө баллада» (А. А. Александров атындагы күмүш медалга арзыган), «Аста-секин, колукту» музыкалык комедиясы (1979), «Элес» симфониялык поэмасы (1988), «Курманбек» операсы (1979, либреттосу Ж. Садыковдуку), «Колоратуралык үн үчүн концерт» (1985), «Скрипка үчүн каприччио» (2005), «Марш жана патриоттук ырлар» (2006) жана башка чыгармалары кеңири белгилүү.

Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн «Токтогулдун күүлөрү» сюитасын жана башкаларды жазган. «Айнаш», «Саанчы жеңе», «Кыргыз жери» деген ырлардын, «Суусамыр өрөөнүндө», «Комуз күүсү» аттуу даректүү тасмалардын музыкасынын автору, П. Чайковскийдин «Евгений Онегин», Ж. Вердинин «Аида», М. Абдраевдин «Олжобай менен Кишимжан» операларын, К. Молчановдун «Макбет», Ж. Пуччининин «Богема», А. Хачатуряндын «Спартак», С. Прокофьевдин «Ромео менен Жульетта», М.Раухвергердин «Чолпон» балеттерин жана башка бир катар классикалык спектаклдерди койгон жана солисттер, хор, симфониялык оркестр үчүн 20дан ашык чыгармаларда дирижёрлук кылган. Алардын арасында П. И. Чайковскийдин «Ак куу көлү», А. С. Даргомыжскийдин «Русалка», Л. Минкустун «Дон Кихот», Б. Асафьевдин «Бахчы сарай фонтаны», ошондой эле кыргыз улуттук авторлор – В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, М. Абдраев, А. Аманбаев, М. Раухвергер, К. Молдобасанов, Ч.Нурымовдун чыгармалары бар.

Анын жетекчилиги астында даярдалган концерттик программалар Канада, Сирия, Эфиопия, Дания, Швейцария өлкөлөрүндө жогору бааланган. Кыргыз Республикасынын Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).

Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1–4-класстары үчүн «Ырдоо», «Музыка» окуу китебин (А. Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган. 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысмы берилген. Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Сыйлыктары

1958 – «Ардак Белгиси» ордени

1978 – Кыргыз ССР Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты

1979 – Эмгек Кызыл Туу ордени

1999 – III даражадагы Манас ордени

2003 – I даражадагы Манас ордени

2009 – Даңк медалы