Difference between revisions of "ЖАЛГАСЫНОВА Дарыйка Артыкбаевна"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''ЖАЛГАСЫНОВА''' Дарыйка Артыкбаевна (20. 3. 1941-жыл, Талас облусу, Кара-Буура району, Чолпонбай айылы) – опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССРинин эл артисти (1983).
'''ЖАЛГАСЫНОВА''' '''Дарыйка Артыкбаевна''' (20. 3. 1941-жыл, Талас облусу, Кара-Буура району, Чолпонбай айылы) – опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССРинин эл артисти (1983).
[[Файл:2.jpg|left|thumb]]
[[Файл:2.jpg|left|thumb]]
Балалыгы согуш жылдарына туш келип, атасы фронтко кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал ошол кыйын кезеңдерде тамеки кургатып, апасына жардамдашып өскөн. Ырдаганга шыгы бар кыз элеттеги мектепти аяктаган соң, Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайга тапшырган. Борбор калаада билим алып жүрүп, Москва шаарындагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетине сынак аркылуу өтүп, аны 1966-жылы «Опера жана камералык ырчылыктын солисти» адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.

'''Чыгармачылык жолу''']
'''Чыгармачылык жолу'''  

1966–1978-жылдары Дарыйка Жалгасынова А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болгон. Ошондой эле Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайында мугалимдикти да аркалган. Кийин ондогон жылдар бою Асанкан Жумакматовдун жетекчилиги алдында Кыргыз радиосу жана телевидениесинин академиялык симфониялык оркестринде солист болуп эмгектенип жүрүп, жүздөгөн чыгарманы өзүнүн аткаруусунда кыргыз радиосунун Алтын фондуна жаздырган. Улуттук чыгармалардан тартып дүйнөлүк классикалык операларга чейин аткарып, Сайра Кийизбаева, Асанкан Жумакматов, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов өңдүү чыгаан инсандар менен иштешкен. Ал улуттук, орус, советтик жана чет элдик операларда ондогон партияларды аткарган. Театрдын жамаатынын курамы менен Советтер Союзунун көп шаарларынан тышкары, Венгрия, Швеция, Жапония, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Дж. Мейербердин «Гугеноттор» операсында Паждын ариясын жана Дж. Вердинин «Сицилия кечи» операсында Еленанын болеросун, кыргыз композиторлорунун ырларын: А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Ференин «Ажал ордуна» музыкалык драмасында Зулайканын ариясын, Ж. Шералиев менен Н. Давлесовдун ырларын, К. Молдобасановдун «Бешик ырын» аткарган. «Дариканын музыкалык өргөөсү», «Мезгил жана музыка» теле жана радио программаларын алып барган. Бир нече китептин автору, анын ичинде республиканын көрүнүктүү артисттерине жана композиторлоруна арналган «Триумф жана трагедия» аттуу китептин да автору.

Сахнада 72 жашка чейин ырдап жүрүп, анан пенсияга кеткен. Ошондой эле узак убакыттан бери колуна калем алып чыгарма жазып келет. Учурда алты китептин автору. Жакында эле «Сезимим тунук булактай» аттуу китебин окурмандарга тартуулады.

[[Файл:3.jpg|thumb]]
«Даңк» медалы жана «Манас» орденин ээси, жолдошу Жайлообек Жалгасынов менен 46 жыл бирге өмүр сүргөн. Жубайлар Москвада окуп жүргөндө баш кошуп, чыгармачылыгын сахнада чогуу улантып, эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Балдарынын атасы 1996-жылы оорудан улам көз жумган.

Кол өнөрчүлүк менен да алектенип, куурчактын түрүн жасайт. Кыязы, музыкага болгон кызыгуусу акырындап отуруп чыгармачылыктын дагы бир өңүрүн ойготкондой.

[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ЖАЛГАСЫНОВА Дарыйка Артыкбаевна (20. 3. 1941-жыл, Талас облусу, Кара-Буура району, Чолпонбай айылы) – опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССРинин эл артисти (1983).

2.jpg

Балалыгы согуш жылдарына туш келип, атасы фронтко кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал ошол кыйын кезеңдерде тамеки кургатып, апасына жардамдашып өскөн. Ырдаганга шыгы бар кыз элеттеги мектепти аяктаган соң, Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайга тапшырган. Борбор калаада билим алып жүрүп, Москва шаарындагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетине сынак аркылуу өтүп, аны 1966-жылы «Опера жана камералык ырчылыктын солисти» адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу

1966–1978-жылдары Дарыйка Жалгасынова А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти болгон. Ошондой эле Кыз-келиндер педагогикалык окуу жайында мугалимдикти да аркалган. Кийин ондогон жылдар бою Асанкан Жумакматовдун жетекчилиги алдында Кыргыз радиосу жана телевидениесинин академиялык симфониялык оркестринде солист болуп эмгектенип жүрүп, жүздөгөн чыгарманы өзүнүн аткаруусунда кыргыз радиосунун Алтын фондуна жаздырган. Улуттук чыгармалардан тартып дүйнөлүк классикалык операларга чейин аткарып, Сайра Кийизбаева, Асанкан Жумакматов, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов өңдүү чыгаан инсандар менен иштешкен. Ал улуттук, орус, советтик жана чет элдик операларда ондогон партияларды аткарган. Театрдын жамаатынын курамы менен Советтер Союзунун көп шаарларынан тышкары, Венгрия, Швеция, Жапония, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Дж. Мейербердин «Гугеноттор» операсында Паждын ариясын жана Дж. Вердинин «Сицилия кечи» операсында Еленанын болеросун, кыргыз композиторлорунун ырларын: А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Ференин «Ажал ордуна» музыкалык драмасында Зулайканын ариясын, Ж. Шералиев менен Н. Давлесовдун ырларын, К. Молдобасановдун «Бешик ырын» аткарган. «Дариканын музыкалык өргөөсү», «Мезгил жана музыка» теле жана радио программаларын алып барган. Бир нече китептин автору, анын ичинде республиканын көрүнүктүү артисттерине жана композиторлоруна арналган «Триумф жана трагедия» аттуу китептин да автору.

Сахнада 72 жашка чейин ырдап жүрүп, анан пенсияга кеткен. Ошондой эле узак убакыттан бери колуна калем алып чыгарма жазып келет. Учурда алты китептин автору. Жакында эле «Сезимим тунук булактай» аттуу китебин окурмандарга тартуулады.

3.jpg