Difference between revisions of "КЫДЫРАЛИЕВ Догдурбек"
(Ак илбирстин тукуму) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''КЫДЫРАЛИЕВ''' Догдурбек Искакович (12. 11. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) – советтик жана кыргыз актёру, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023). | '''КЫДЫРАЛИЕВ''' Догдурбек Искакович (12. 11. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) – советтик жана кыргыз актёру, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023). | ||
[[Файл:Кыдыралиев Д.jpg|left|thumb| | [[Файл:Кыдыралиев Д.jpg|left|thumb|190x190px]] | ||
Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайын (1980), Москва шаарындагы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) көркөм сүрөт бөлүмүн бүтүргөн (1986). | Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайын (1980), Москва шаарындагы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) көркөм сүрөт бөлүмүн бүтүргөн (1986). | ||
Догдурбек Кыдыралиев алгач 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу укмуштуу окуялуу тасмада Кожожаштын ролун ойноп, кино экрандарга чыккан. Тасма Батыш Берлин кинофестивалында абройлуу сыйлыкка ээ болуп, жаш актер ири кинорежиссерлордун көзүнө илинген. 1991-жылы Алексей Германдын сценарийи боюнча («Кудай болуу кыйын», «Менин досум Иван Лапшин») режиссер Ардак Амиркуловдун «Жеңүүчүнүн көлөкөсү» тарыхый драмасында башкы каармандын ролун аткарган. Тасмада ошондой эле Тунгышбай Жаманкулов, Болот Бейшеналиев, Абдурашид Максудов, Заур Зехов, Касым Жакибаев жана башкалар тартылган. 1986-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу болуп иштеген. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. | Догдурбек Кыдыралиев алгач 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу укмуштуу окуялуу тасмада Кожожаштын ролун ойноп, кино экрандарга чыккан. Тасма Батыш Берлин кинофестивалында абройлуу сыйлыкка ээ болуп, жаш актер ири кинорежиссерлордун көзүнө илинген. 1991-жылы Алексей Германдын сценарийи боюнча («Кудай болуу кыйын», «Менин досум Иван Лапшин») режиссер Ардак Амиркуловдун «Жеңүүчүнүн көлөкөсү» тарыхый драмасында башкы каармандын ролун аткарган. Тасмада ошондой эле Тунгышбай Жаманкулов, Болот Бейшеналиев, Абдурашид Максудов, Заур Зехов, Касым Жакибаев жана башкалар тартылган. 1986-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу болуп иштеген. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. | ||
[[Файл:Догдурбек.jpg|thumb]] | [[Файл:Догдурбек.jpg|thumb]] | ||
[[Файл:Ак илбирстин тукуму.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Ак илбирстин тукуму.jpg|left|thumb|alt=с|Ак илбирстин тукуму]] | ||
'''Фильмографиясы''' | '''Фильмографиясы''' | ||
27 -сап: | 27 -сап: | ||
· «Эски короо», 1989, холст, 80x100. | · «Эски короо», 1989, холст, 80x100. | ||
[[Файл:4.jpg|thumb|250x250px]] | |||
· «Короодо жолугушуу», 1990, холст, 82x80. | · «Короодо жолугушуу», 1990, холст, 82x80. | ||
43 -сап: | 43 -сап: | ||
Мергенчинин жана баатыр Кожожаштын ролун аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Догдурбек Кыдыралиев Нуртай Борбиевди чоң масштабдагы кооптуу эпизоддорду тарткан мыкты операторлордун бири катары саналганын эскерет: «Бир күнү режиссёр, оператор үчөөбүз унаада тамагыбызды унутуп, тоого чыктык. Мен катышкан эпизодду кечке ачка бойдон тартып, ар бир ташка токтоп жатып, араң кайтып келдик. Деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусуна жакыныраак иштедик. Мындай шартта чуркоо гана эмес, басуу да кыйын. А бул жерде мен чуркаш керек болгон эпизоддорду тарттык. Эпостун негизинде тартылган тасма мергенчилердин күчтүү уруусу болгон Ак илбирстердин турмушун баяндайт. Алардын мыйзамдарында жаныбарларга кол көтөрүүгө тыюу салынган. Бирок Кожожаш бул тыюуну бузганда, табият өзү уруудан өч алууну чечет», – дейт ал. Тасмага Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, ошондой эле Хакасия, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген кесиптештери баш болгон 200дөн ашык адам катышкан. Тасма Германия мамлекетинин Берлин шаарында өткөн престиждүү фестивалында «Күмүш аюу» сыйлыгын жана Сириянын Дамаск шаарында «Күмүш кылыч» сыйлыгын жеңип алган. | Мергенчинин жана баатыр Кожожаштын ролун аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Догдурбек Кыдыралиев Нуртай Борбиевди чоң масштабдагы кооптуу эпизоддорду тарткан мыкты операторлордун бири катары саналганын эскерет: «Бир күнү режиссёр, оператор үчөөбүз унаада тамагыбызды унутуп, тоого чыктык. Мен катышкан эпизодду кечке ачка бойдон тартып, ар бир ташка токтоп жатып, араң кайтып келдик. Деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусуна жакыныраак иштедик. Мындай шартта чуркоо гана эмес, басуу да кыйын. А бул жерде мен чуркаш керек болгон эпизоддорду тарттык. Эпостун негизинде тартылган тасма мергенчилердин күчтүү уруусу болгон Ак илбирстердин турмушун баяндайт. Алардын мыйзамдарында жаныбарларга кол көтөрүүгө тыюу салынган. Бирок Кожожаш бул тыюуну бузганда, табият өзү уруудан өч алууну чечет», – дейт ал. Тасмага Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, ошондой эле Хакасия, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген кесиптештери баш болгон 200дөн ашык адам катышкан. Тасма Германия мамлекетинин Берлин шаарында өткөн престиждүү фестивалында «Күмүш аюу» сыйлыгын жана Сириянын Дамаск шаарында «Күмүш кылыч» сыйлыгын жеңип алган. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
КЫДЫРАЛИЕВ Догдурбек Искакович (12. 11. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) – советтик жана кыргыз актёру, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023).
Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайын (1980), Москва шаарындагы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) көркөм сүрөт бөлүмүн бүтүргөн (1986).
Догдурбек Кыдыралиев алгач 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу укмуштуу окуялуу тасмада Кожожаштын ролун ойноп, кино экрандарга чыккан. Тасма Батыш Берлин кинофестивалында абройлуу сыйлыкка ээ болуп, жаш актер ири кинорежиссерлордун көзүнө илинген. 1991-жылы Алексей Германдын сценарийи боюнча («Кудай болуу кыйын», «Менин досум Иван Лапшин») режиссер Ардак Амиркуловдун «Жеңүүчүнүн көлөкөсү» тарыхый драмасында башкы каармандын ролун аткарган. Тасмада ошондой эле Тунгышбай Жаманкулов, Болот Бейшеналиев, Абдурашид Максудов, Заур Зехов, Касым Жакибаев жана башкалар тартылган. 1986-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу болуп иштеген. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.
Фильмографиясы
- «Кентавр» (2017) Centaur
- «Кош бол, Гүлсары!» (2008) Qosh bol, Gülsary! Танабай
- «Мергенчи» (2004) Okhotnik
- «Taivasta vasten» (2000) Manas
- «Абай» (1995) Abai
- «Жеңүүчүнүн көлөкөсү» (1991) Унджу
- «Ак илбирстин тукуму» (1984) Кожожаш
Негизги эмгектери (сүрөт)
· «Тоолордун кожоюну», 1986, холст, 80x90.
· «Мазар тал», 1987, холст, 100x90.
· «Жылкычы», 1988, холст, 110x90.
· «Актердун портрети», 1988, картон, 40x60.
· «Эски короо», 1989, холст, 80x100.
· «Короодо жолугушуу», 1990, холст, 82x80.
· Кино тасмаларга эскиздер – «Сынган кылыч», 1987, картон, 60x80.
· «Нокдаун», 1988, картон, 60x75.
· «Айдын кратеринин четинде», 1990, картон, 60x75.
· «Кош бол, Гүлсары», 1990, холст, масло, 65x75.
Эскерүүлөрү
1984-жылы белгилүү режиссер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен драматург Мар Байджиев «Кожожаш» эпосунун негизинде «Ак илбирстин тукуму» тасмасынын сценарийин жазышкан жана Т. Океевдин жетекчилиги астында тасманы тартууга киришкен.
Мергенчинин жана баатыр Кожожаштын ролун аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Догдурбек Кыдыралиев Нуртай Борбиевди чоң масштабдагы кооптуу эпизоддорду тарткан мыкты операторлордун бири катары саналганын эскерет: «Бир күнү режиссёр, оператор үчөөбүз унаада тамагыбызды унутуп, тоого чыктык. Мен катышкан эпизодду кечке ачка бойдон тартып, ар бир ташка токтоп жатып, араң кайтып келдик. Деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусуна жакыныраак иштедик. Мындай шартта чуркоо гана эмес, басуу да кыйын. А бул жерде мен чуркаш керек болгон эпизоддорду тарттык. Эпостун негизинде тартылган тасма мергенчилердин күчтүү уруусу болгон Ак илбирстердин турмушун баяндайт. Алардын мыйзамдарында жаныбарларга кол көтөрүүгө тыюу салынган. Бирок Кожожаш бул тыюуну бузганда, табият өзү уруудан өч алууну чечет», – дейт ал. Тасмага Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, ошондой эле Хакасия, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген кесиптештери баш болгон 200дөн ашык адам катышкан. Тасма Германия мамлекетинин Берлин шаарында өткөн престиждүү фестивалында «Күмүш аюу» сыйлыгын жана Сириянын Дамаск шаарында «Күмүш кылыч» сыйлыгын жеңип алган.