Difference between revisions of "МУСАЕВ Манасбек"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''МУСАЕВ''' Манасбек (24. 4. 1942-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – белгилүү кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1979), Кыргыз Республикасынын | '''МУСАЕВ''' '''Манасбек''' (24. 4. 1942-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – белгилүү кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1979), Кыргыз Республикасынын кинематография академиясынын академиги. | ||
'''Өмүр таржымалы''' | '''Өмүр таржымалы''' | ||
6 -сап: | 6 -сап: | ||
Манасбек Мусаев 1962-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып, аны 1970-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жатып, Москва аскер округунун офицерлер үйүнүн студиясында Советтер Союзунун Баатыры И. Лара тууралуу «Реквием» жана Москванын баатыр коргоочулары жөнүндө «Панфиловчулар» тасмасын тарткан. | Манасбек Мусаев 1962-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып, аны 1970-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жатып, Москва аскер округунун офицерлер үйүнүн студиясында Советтер Союзунун Баатыры И. Лара тууралуу «Реквием» жана Москванын баатыр коргоочулары жөнүндө «Панфиловчулар» тасмасын тарткан. | ||
[[Файл:Тарткан тасмалары.jpg|thumb]] | |||
1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп, «Советтик Кыргызстан» жана «Күндүн кабарлары» киножурналдарына аңгемелерди, даректүү тасмаларды, 1972-жылдан тарта 30дан ашык көркөм жана кинохроникалык даректүү тасмаларды тарткан. Бул тасмалардын көпчүлүгү Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон. | 1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп, «Советтик Кыргызстан» жана «Күндүн кабарлары» киножурналдарына аңгемелерди, даректүү тасмаларды, 1972-жылдан тарта 30дан ашык көркөм жана кинохроникалык даректүү тасмаларды тарткан. Бул тасмалардын көпчүлүгү Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон. | ||
1997-жылдан баштап М. Мусаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио, журналистика кафедрасында сабак бере баштаган. Ал эми 2001-жылы | 1997-жылдан баштап М. Мусаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио, журналистика кафедрасында сабак бере баштаган. Ал эми 2001-жылы «профессор» наамы ыйгарылган. Мусаев Манасбек Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде да сабак берген. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет. | ||
Манасбек Мусаевдин сыйлыктарынын арасында «Даңк» медалы (2006), улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» атайын сыйлыгы дагы бар. Ошондой эле Мусаев | Манасбек Мусаевдин сыйлыктарынын арасында «Даңк» медалы (2006), улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» атайын сыйлыгы дагы бар. Ошондой эле М. Мусаев «Фотографиянын негиздери», «Кинооператорлук чеберчилик» окуу китептерин жана «Эсимде калган кинокадрлар», «Айтматовдун ааламындагы фотографиялар» аттуу китептерин басып чыгарган. | ||
'''Тарткан тасмалары''' | '''Тарткан тасмалары''' | ||
18 -сап: | 18 -сап: | ||
· 1970 – «Муке» (даректүү тасма) | · 1970 – «Муке» (даректүү тасма) | ||
[[Файл:Юбилейде.jpg|thumb]] | |||
· 1971 – «Жогорку чыңалуу» (даректүү тасма) | · 1971 – «Жогорку чыңалуу» (даректүү тасма) | ||
40 -сап: | 40 -сап: | ||
· 1989 – «Кутум» | · 1989 – «Кутум» | ||
[[Файл:Ак илбирс сыйлыгы.jpg|thumb]] | |||
· 1993 – «Үмүт менен» | · 1993 – «Үмүт менен» | ||
48 -сап: | 48 -сап: | ||
Кыргыздын мыкты кинооператорлорунун бири, көрүнүктүү кино чебер Манасбек Мусаев татыктуу курагында да китептерин чыгарып, жеке сүрөт көргөзмөлөрүн даярдап, кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларга катышып келет. | Кыргыздын мыкты кинооператорлорунун бири, көрүнүктүү кино чебер Манасбек Мусаев татыктуу курагында да китептерин чыгарып, жеке сүрөт көргөзмөлөрүн даярдап, кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларга катышып келет. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
МУСАЕВ Манасбек (24. 4. 1942-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – белгилүү кинооператор, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1979), Кыргыз Республикасынын кинематография академиясынын академиги.
Өмүр таржымалы
Ал чыгармачылык жолун кинодон баштаган эмес, алгач Тянь-Шань облустук китепканасында библиограф болуп иштеген. Ырас, кээде «Соң-Көл» кинотеатрына плакаттарды да жазчу. Кино майданына келген Манасбек Мусаев Фрунзе кинохроникалык-даректүү тасмалар студиясынын хроникалык өнөрканасында студенттик оператор болуп иштөөдөн баштап (1960), жогорку категориядагы көркөм тасмалардын режиссерлугуна чейин жеткен.
Манасбек Мусаев 1962-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырып, аны 1970-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жатып, Москва аскер округунун офицерлер үйүнүн студиясында Советтер Союзунун Баатыры И. Лара тууралуу «Реквием» жана Москванын баатыр коргоочулары жөнүндө «Панфиловчулар» тасмасын тарткан.
1960-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында иштеп, «Советтик Кыргызстан» жана «Күндүн кабарлары» киножурналдарына аңгемелерди, даректүү тасмаларды, 1972-жылдан тарта 30дан ашык көркөм жана кинохроникалык даректүү тасмаларды тарткан. Бул тасмалардын көпчүлүгү Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыктуу болгон.
1997-жылдан баштап М. Мусаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадио, журналистика кафедрасында сабак бере баштаган. Ал эми 2001-жылы «профессор» наамы ыйгарылган. Мусаев Манасбек Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде да сабак берген. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет.
Манасбек Мусаевдин сыйлыктарынын арасында «Даңк» медалы (2006), улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» атайын сыйлыгы дагы бар. Ошондой эле М. Мусаев «Фотографиянын негиздери», «Кинооператорлук чеберчилик» окуу китептерин жана «Эсимде калган кинокадрлар», «Айтматовдун ааламындагы фотографиялар» аттуу китептерин басып чыгарган.
Тарткан тасмалары
· 1969 – «Эстөө жана билүү» (даректүү тасма)
· 1970 – «Муке» (даректүү тасма)
· 1971 – «Жогорку чыңалуу» (даректүү тасма)
· 1972 – «Ак куулар учуп келишет»
· 1974 – «Сүйүү жаңырыгы» (ТВ)
· 1975 – «Ак кеме»
· 1978 – «Эл арасында»
· 1979 – «Процесс»
· 1981 – «Аялсыз эркектер»
· 1983 – «Бөрү зындан»
· 1985 – «Ай бакшысы»
· 1987 – «Жашы жеткендер үчүн баш калкалоочу жай»
· 1989 – «Кутум»
· 1993 – «Үмүт менен»
· 1994 – «Жамийла»
· 2005 – «Оргуштаган дарыя, бейпил деңиз»
Кыргыздын мыкты кинооператорлорунун бири, көрүнүктүү кино чебер Манасбек Мусаев татыктуу курагында да китептерин чыгарып, жеке сүрөт көргөзмөлөрүн даярдап, кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларга катышып келет.