Difference between revisions of "БАЗИДИОМИЦЕТТЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
б а з и д и я л у у к о з у к а р ы н д а р (Иasidiomycetes) ‒ ''козу карындар'' классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миӊден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол м-н пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү ‒ базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, ''аскомицеттердин'' баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу м-н бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр ‒ стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар м-н бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоӊ, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө ж-а калпакчалар түрүндө болот. Дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталат. Алар кеӊири таралган. Көбү өсүмдүк мите  Б. катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер м-н азыктандырылат. Жашыл массасы чанагы саргайып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород Б. негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөр жайында ж-а ликер чыгарууда пайдаланылат.

'''БАЗИДИОМИЦЕТТЕР''' б а з и д и я л у у   к о з у к а р ы н д а р (Иasidiomycetes) ‒ ''козу карындар'' классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миӊден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү ‒ базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, ''аскомицеттердин'' баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр ‒ стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоӊ, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар түрүндө болот. Дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталат. Алар кеӊири таралган. Көбү өсүмдүк митеси. айрымдары жыгачты бузат, өсүмдүк илдетин козгойт; кээ биринен антибиотык алынат.

[[Категория:1-Том]]

11:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАЗИДИОМИЦЕТТЕР б а з и д и я л у у к о з у к а р ы н д а р (Иasidiomycetes) ‒ козу карындар классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миӊден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү ‒ базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, аскомицеттердин баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр ‒ стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоӊ, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар түрүндө болот. Дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталат. Алар кеӊири таралган. Көбү өсүмдүк митеси. айрымдары жыгачты бузат, өсүмдүк илдетин козгойт; кээ биринен антибиотык алынат.