Difference between revisions of "АЯЛДЫН ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЯЛДЫН ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ''' ‒ кишинин көбөйүү кызматын аткаруучу мүчөлөрү. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органдар жыныс гормондорун бөлүп чыгарып, ал ''гормондор'' канга өтүп, организмдеги маанилүү процесстерди башкарат, аялга таандык экинчи белгилердин өсүп жетилишин жөнгө салат. Аларга энелик без, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын кыны, чоӊ жана кичине жыныс эрини кирет. Энелик без ‒ жатындын эки жагында жайгашкан жуп жыныс бези. Ал жатынга кыймылдуу бекип турат. Анда жыныс клетка ‒ энелик клетка өөрчүйт, ошондой эле жыныс органдарынын нормалдуу иштешине жана экинчилик жыныс белгилерине (үндүн өзгөрүшү, эмчектин чыгышы ж. б.) таасир этүүчү гормонду иштеп чыгарат. Энелик бездин иши аялдын жашына жана бүткүл организмдин функциялык абалына жараша болот. Жатын түтүкчөлөрү энелик без сыяктуу эле жатындын эки жагында жайгашкан. Ал ич челинин бүктөмүнөн орун алган. Оӊ түтүкчө солго караганда узунураак. Эгерде уруктанган энелик клетка жатын түтүгүндө токтоп калса, жатындан тышкары бойго бүтүү болот (к. ''Жатындан тышкары бойго бүтүү''). Жатын түтүгү түйүлдүктүн чоӊоюшуна ылайыкталган эмес, ошондуктан ал жарылып кетиши мүмкүн. Жатын ‒ булчуӊдуу көӊдөй орган (к. ''Жатын).'' Жатын кыны түтүк сымал, булчуӊдуу, узундугу 7‒9 ''см'' көӊдөйчө. Ал үч катмардан турат. Аялдын сырткы жыныс органына чоӊ жана кичине жыныс эриндери кирет.

Энелик без ‒ жатындын эки жагында жайгашкан жуп жыныс бези. Ал жатынга кыймылдуу бекип турат. Анда жыныс клетка ‒ энелик клетка өөрчүйт, | [[Категория:1-Том]] | ||
11:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЯЛДЫН ЖЫНЫС ОРГАНДАРЫ ‒ кишинин көбөйүү кызматын аткаруучу мүчөлөрү. Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органдар жыныс гормондорун бөлүп чыгарып, ал гормондор канга өтүп, организмдеги маанилүү процесстерди башкарат, аялга таандык экинчи белгилердин өсүп жетилишин жөнгө салат. Аларга энелик без, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын кыны, чоӊ жана кичине жыныс эрини кирет. Энелик без ‒ жатындын эки жагында жайгашкан жуп жыныс бези. Ал жатынга кыймылдуу бекип турат. Анда жыныс клетка ‒ энелик клетка өөрчүйт, ошондой эле жыныс органдарынын нормалдуу иштешине жана экинчилик жыныс белгилерине (үндүн өзгөрүшү, эмчектин чыгышы ж. б.) таасир этүүчү гормонду иштеп чыгарат. Энелик бездин иши аялдын жашына жана бүткүл организмдин функциялык абалына жараша болот. Жатын түтүкчөлөрү энелик без сыяктуу эле жатындын эки жагында жайгашкан. Ал ич челинин бүктөмүнөн орун алган. Оӊ түтүкчө солго караганда узунураак. Эгерде уруктанган энелик клетка жатын түтүгүндө токтоп калса, жатындан тышкары бойго бүтүү болот (к. Жатындан тышкары бойго бүтүү). Жатын түтүгү түйүлдүктүн чоӊоюшуна ылайыкталган эмес, ошондуктан ал жарылып кетиши мүмкүн. Жатын ‒ булчуӊдуу көӊдөй орган (к. Жатын). Жатын кыны түтүк сымал, булчуӊдуу, узундугу 7‒9 см көӊдөйчө. Ал үч катмардан турат. Аялдын сырткы жыныс органына чоӊ жана кичине жыныс эриндери кирет.