Difference between revisions of "АЮКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
А ю х а й [1642 ‒ 19.2.(1.3) 1724] ‒ башкаруучу (1669–90), ''Калмак хандыгынын'' ханы (1690–1724). Мончак хандын уулу, ''Жунгар хандыгында'' тарбияланган. 1669-ж. такка отурган. 1682—83-ж. А-нин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоӊдорун талкалоого катышкан. 1683-ж. келишим б-ча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү м-н кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, ''Крым хандыгы'' ж-а Персия м-н болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өз алдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу м-н 1670-жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680‒90-ж. Түн. Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол м-н 1690-ж. А. келишпес атаандаштарынын баарын жок кылган соң, калгандары анын бийлигин таанышкан. А. 1690-ж. Далай-ламадан хан титулун алган. 17–18-к-дын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө ''Петр I'' ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миӊ түтүн эли м-н Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. А. Астрахан (1705–06), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707–09) басууга жардам берген, ''Түндүк согушунда'' (1700–21-ж.) анын калмак атчандары орус армиясынын курамында согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч м-н сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. А. акылдуулугу, айлакерлиги ж-а ырайымсыздыгы м-н белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. А. Калмыкиянын тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. А. такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Анын небереси Дондук-Омбонун тукумдары Дондуковдор, Дондуков-Корсаковдор князь титулуна ээ болушкан.

'''АЮКЕ,''' А ю х а й [1642 ‒ 19.2.(1.3) 1724] ‒ башкаруучу (1669–90), ''Калмак хандыгынын'' ханы (1690–1724). Мончак хандын уулу, ''Жунгар хандыгында'' тарбияланган. 1669-жылы такка отурган. 1682—83-жылдарда  Аюкенин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоӊдорун талкалоого катышкан. 1683-жылкы келишим боюнча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү менен кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, ''Крым хандыгы'' жана Персия менен болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өз алдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу менен 1670-жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680‒90-жылдары Түндүк Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол менен 1690-жылы Аюке келишпес атаандаштарынын баарын жок кылган соң, калгандары анын бийлигин таанышкан. Аюке 1690-жылы Далай-ламадан хан титулун алган. 17–18-кылымдардын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө ''Петр I'' ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миӊ түтүн эли менен Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. Аюке Астрахан (1705–06), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707–09) басууга жардам берген, ''Түндүк согушунда'' (1700–21-жылдар) анын калмак атчандары орус армиясынын курамында согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч менен сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. Аюке акылдуулугу, айлакерлиги жана ырайымсыздыгы менен белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. Аюке Калмыкиянын тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. Аюке такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Анын небереси Дондук-Омбонун тукумдары Дондуковдор, Дондуков-Корсаковдор князь титулуна ээ болушкан.

[[Категория:1-Том]]

11:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЮКЕ, А ю х а й [1642 ‒ 19.2.(1.3) 1724] ‒ башкаруучу (1669–90), Калмак хандыгынын ханы (1690–1724). Мончак хандын уулу, Жунгар хандыгында тарбияланган. 1669-жылы такка отурган. 1682—83-жылдарда Аюкенин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоӊдорун талкалоого катышкан. 1683-жылкы келишим боюнча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү менен кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, Крым хандыгы жана Персия менен болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өз алдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу менен 1670-жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680‒90-жылдары Түндүк Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол менен 1690-жылы Аюке келишпес атаандаштарынын баарын жок кылган соң, калгандары анын бийлигин таанышкан. Аюке 1690-жылы Далай-ламадан хан титулун алган. 17–18-кылымдардын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө Петр I ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миӊ түтүн эли менен Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. Аюке Астрахан (1705–06), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707–09) басууга жардам берген, Түндүк согушунда (1700–21-жылдар) анын калмак атчандары орус армиясынын курамында согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч менен сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. Аюке акылдуулугу, айлакерлиги жана ырайымсыздыгы менен белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. Аюке Калмыкиянын тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. Аюке такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Анын небереси Дондук-Омбонун тукумдары Дондуковдор, Дондуков-Корсаковдор князь титулуна ээ болушкан.