Difference between revisions of "АЮ ЧАЧ"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: категория кошуу) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЮ ЧАЧ''' (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 ''м''ге чейин жетет. Сабагы тик, бийиктиги 60‒175 ''см'', бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топ гүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борбордук Азияда жана Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, Ат-Ойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жергиликтүү эл тамырынын кайнатмасы менен мал котурун дарылашат. Аю чачтын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы илимий жактан далилденен.
''К. Т. Тургунбаев.''
| '''АЮ ЧАЧ''' (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 ''м''ге чейин жетет. Сабагы тик, бийиктиги 60‒175 ''см'', бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топ гүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борбордук Азияда жана Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, Ат-Ойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жергиликтүү эл тамырынын кайнатмасы менен мал котурун дарылашат. Аю чачтын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы илимий жактан далилденен.
''К. Т. Тургунбаев.''

[[Категория:1-Том]] |
11:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЮ ЧАЧ (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 мге чейин жетет. Сабагы тик, бийиктиги 60‒175 см, бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топ гүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борбордук Азияда жана Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кыргызстандын Чаткал, Фергана, Ат-Ойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жергиликтүү эл тамырынын кайнатмасы менен мал котурун дарылашат. Аю чачтын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы илимий жактан далилденен.
К. Т. Тургунбаев.