Difference between revisions of "АЧКАЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЧКАЛЫК'''‒ организмдин тамак-ашты (азыкты) физиологиялык  талап кылуусун билдирген сезим. Ачка болгондо карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет (өзөк карарат), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. Мындай абал кандын курамында азык заттын азайышы менен мүнөздөлөт. Борбордук  нерв системасында тамак борбору жайгашкан. Ал ачка жана токчулук борборлоруна бөлүнөт. А. борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин пайда кылат. Бул эки борбордун бири козголгондо, экинчиси тормоздолуп (токтоп) турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезими кезектешип сезилет. Организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, башкача  а.йтканда А-ты кеч сезүү ‒ ''кахексияга'' (өтө арыктоого), ал эми бат-бат сезүү ''семирүүгө'' алып келет. Денеде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв жана эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде А. борбору кеч же такыр токтолбосо, киши тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаӊдап калса, анда киши тамакты аз жеп, организмдин физиологиялык керектөөсү камсыз болбой калат. Ачка жана ток болууну жөнгө салуу үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу ж. б. шарттар чоӊ мааниге ээ.

'''АЧКАЛЫК'''‒ организмдин тамак-ашты (азыкты) физиологиялык  талап кылуусун билдирген сезим. Ачка болгондо карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет (өзөк карарат), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. Мындай абал кандын курамында азык заттын азайышы менен мүнөздөлөт. Борбордук  нерв системасында тамак борбору жайгашкан. Ал ачка жана токчулук борборлоруна бөлүнөт. Ачкалык борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин пайда кылат. Бул эки борбордун бири козголгондо, экинчиси тормоздолуп (токтоп) турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезими кезектешип сезилет. Организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, башкача  айтканда Ачкалыкты кеч сезүү ‒ ''кахексияга'' (өтө арыктоого), ал эми бат-бат сезүү ''семирүүгө'' алып келет. Денеде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв жана эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде Ачкалык борбору кеч же такыр токтолбосо, киши тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаӊдап калса, анда киши тамакты аз жеп, организмдин физиологиялык керектөөсү камсыз болбой калат. Ачка жана ток болууну жөнгө салуу үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу ж. б. шарттар чоӊ мааниге ээ.

[[Категория:1-Том]]

10:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЧКАЛЫК‒ организмдин тамак-ашты (азыкты) физиологиялык талап кылуусун билдирген сезим. Ачка болгондо карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет (өзөк карарат), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. Мындай абал кандын курамында азык заттын азайышы менен мүнөздөлөт. Борбордук нерв системасында тамак борбору жайгашкан. Ал ачка жана токчулук борборлоруна бөлүнөт. Ачкалык борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин пайда кылат. Бул эки борбордун бири козголгондо, экинчиси тормоздолуп (токтоп) турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезими кезектешип сезилет. Организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, башкача айтканда Ачкалыкты кеч сезүү ‒ кахексияга (өтө арыктоого), ал эми бат-бат сезүү семирүүгө алып келет. Денеде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв жана эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде Ачкалык борбору кеч же такыр токтолбосо, киши тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаӊдап калса, анда киши тамакты аз жеп, организмдин физиологиялык керектөөсү камсыз болбой калат. Ачка жана ток болууну жөнгө салуу үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу ж. б. шарттар чоӊ мааниге ээ.